Ош шаарынын тургундары Өмүрбек Бабанов менен эмне жөнүндө сүйлөштү?

Ош шаарындагы Р.Абдыкадыров атындагы филармониясында президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановдун «Алдыга жол» программасынын презентациясы болуп өттү.

Презентациядан соң жаштар өз суроолорун Бабановго бере алышты. Арген Садыбаев саясатчыдан маданият жана спорт Бабановдун программасынан орун алганбы деген суроосун берди.

"Мени азыркы жаштардын спортко, дени сак жашоого кызыкдар болгону абдан сүйүнтөт. Ал үчүн спортчуларды чоңойтуу керек, аларды колдоо керек. Спорт менен гана алектенип бирөөнүн буйругун аткарып, курал болбошу абзел", - деди Бабанов.

Нурсултан Тороев социалдык долбоорлор боюнча суроо берди: "Биз сизди миллиардер катары жакшы билебиз, айтсаңыз мамлекет үчүн эмне кылдыңыз?"

Саясатчы социалдык долбоорлор менен көптөн бери алектенип жүргөнүн, бирок кайрымдуулук менен өзүн жарнамалабай турганын белгиледи.

"2002-жылдан бери жыл сайын аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөн 150 баланы мен Таластагы атамдын атын алып жүргөн лицейге бекер окутуп келем. Бирок өзүмдүн негизги социалдык долбоорум катары, саясатка аттанганым деп эсептейм. Мен элибиздин жашоо-шартын жакшыртууга бүт аракетимди жумшап жатам. Бул социалдык долбоор эмеспи? Менин демилгем менен депутаттык артыкчылыктардан баш тартып, 100 миллион сомго чейин мамлекеттик бюджетке үнөмдөө болду. Бул мамлекетке жардам эмеспи? Мен кыргызстандыктардын жашоо шартынын жакшырышын каалайм жана бул максат менин негизги долбоорум", - дейт Өмүрбек Бабанов.

Андан ары жолугушуу Ош шаардык драма театрында уланып, талапкерди колдооого келген 4 миң адам "Бабанов – биздин президент" деген ураан менен саясатчыны тосуп алышты.

Талапкер колдоого келген ар бир Ош шаарынын атуулуна ыраазычылык билдирип, жаңы өзгөрүүлөрдүн убактысы болгонун белгиледи.

«Алдыга жол» программасы 5 кадамдан туруп, президенттин тарыхый указдары катары көрсөтүлгөн. Алар өлкөдөгү башкы тиричиликти түп тамырынан бери өзгөртүүгө арналган.

Өлкөнү башкаруунун жаңы стили

Жаны экономика жана социалдык саясат

Коррупциясыз өлкө. Көз карандысыз саясий система

Коопсуз мамлекет

Эффективдүү тышкы саясат. Маданий мурас

Аткаруучу: ЖЧК "SUPER.KG" (СУПЕР.КЕЙ ДЖИ), Бишкек ш., Күрөңкеев к. 180.Буйрутмачы: Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкер Бабанов Ө.Т.Шайлоо фондунан төлөндү, каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Тогузбаева Ч.Э. Нускасы: 1, чыгарылган датасы: 13.09.17

кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан