Бакыт Төрөбаев, Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкер: “Жаш үй-бүлɵлɵрдүн ажырашуулары мени ойлондурат”

- Бакыт Эргешевич, сиздин программаңызда демография жана балдарды коргоо жөнүндөгү бөлүм бар экен. Коомдо өтө актуалдуу болуп турган бул маселени көтөрүп жатасыз, кагаз жүзүндө калып калбайбы?

- Ааламдашуу доорунда дүйнɵнүн бардык элдери ɵздөрүнүн түптүү тегин жана тарыхый баалуулуктарын сактап калууга умтулууда. Андыктан калкыбыздын санын өстүрүү жана балдардын тɵрɵлүшүнүн өсүү деңгээлин жогорулатуу, эненин саламаттыгын сактоо боюнча атайын программа иштеши абзел. Статистика боюнча, 2017-жылдын 1-январына карата Кыргызстандын калкы 6 миллион 140 миң 500 адамды түзгɵн. Прогрессивдүү демографиялык саясатты ишке ашыруу калктын санын ɵстүрүүнү камсыз кылат. Буга ылайык, 2024-жылы Кыргыз Республикасынын калкынын саны 7 миллион адамды түзүүсү зарыл. "Баатыр Эне" социалдык статусун биз мамлекеттик деӊгээлде колдоону улантабыз жана бекемдейбиз. Ошондой эле “базалык топтом” программасын ишке киргизип, ар бир төрөлгөн ымыркайга мамлекеттик колдоо көрсөтөбүз.

- Демография же болбосо калктын өсүү деңгээлин камсыздайбыз деп жатасыз. Бирок жумушсуздук, миграция сыяктуу маселелердин аягы үй-бүлөлүк ажырашууларга алып келип жатпайбы?

- Мен миграциянын агымын кыскартуу, жумушсуздукту жоюу боюнча аткара турган иштерим боюнча жалпы маалымат бердим. Андыктан үй-бүлөнүн очогун өчүрбөй кармап келе жаткан айымдарыбыздын тегерегинде болуп жаткан көйгөйгө токтоло кетейин. Жаш үй-бүлɵлɵрдүн ажырашуулары мени ойлондурат. Мындай проблемалардын курчуп жатышынын башкы себептеринин бири иш орундарынын жоктугу. Мунун кесепетинен эркектер менен бирге эле кыз-келиндер да киреше табуу үчүн сырт жакка эмгектенүүгө мажбур болууда. Бул үй-бүлө куруу экинчи планда калып жатат дегенди билдирет. Бирок миграциялык өлкөлөрдө алардын көпчүлүгү басмырлоонун, зомбулуктун ар кандай түрлөрүнө кабылууда. Дал ушундай жагдай кыргыз үй-бүлөсүнө, бүтүндөй кыргыз коомчулугуна тийиштүү болгон үй-бүлөлүк баалуулуктардын талкаланышына алып келип жатат.

- Бийликке келип калсаңыз, үй-бүлөнү, келечекте эне болуп, улуттун тукумун улай турган айымдарыбызды мындай кырдаалдан чыгаруу үчүн кандай иштерди жасай аласыз?

- Эгерде мен бийликке келип калсам, алгач мамлекеттик аппараты каржылоого кеткен чыгымдарды кыскартам. Үнөмдөлгөн каражаттар айлык акыларды көтөрүүгө, өндүрүштүк ишканаларды ачууга жана жумуш орундарын түзүүгө жумшалат. Эмгек миграциясынын көйгөйлөрүн чечебиз. “Өнүгүүнүн жаңы багыты” аттуу программамдын алкагында келечекте бойго жеткен кыздарыбыздын үй чарбасын өз алдынча жүргүзө алышына, жакшы жумуш менен камсыз болушуна, толук билим алуусуна шарт түзүлөт. Мунун натыйжасында үй-бүлө институтун жана үй-бүлөлүк мамилелерди бекемдөөнү негизги идеология аркылуу ишке ашырабыз. Кыз ала качуу, аларга зордук-зомбулук көрсөтүү бул кылмыш. Буга окшогон кылмыштар жазасыз калбайт, өлкөдө мыйзам тартибин орнотуп, адам укуктарын коргоону камсыз кылабыз.

Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкер Төрөбаев Б.Э. PR-кызматы тарабынан даярдалды. Дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Рыскулов к. 79 "б". Чыгарылган датасы: 14.09.2017-жыл. Нускасы: 1 даана.
Буйрутмачы: Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкер Төрөбаев Б.Э. Каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Тулеев Б.Б. шайлоо фондунан төлөдү. Келишим №126/17-СR, 6-сентябрда түзүлдү.




кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан