Дүйнө элин “Despacito” деп ырдаткан популярдуу чыгарманы кыргыз кызы Толгонай Арзыкеева да майын чыгара аткарып, интернет айдыңында мактоолорго арзый алды. Мукам үнү менен күйөрман топтой алган бийкеч: “Ал кезде ырдын маанисин, сөздөрүн толук билчү эмесмин. Кайырмасын аткарып, Инстаграмдагы баракчама жүктөп койгом. Ырдаганымды көргөн орусиялык продюсер “кыздардан турган топко үнү, келбети сендей кыздар керек, командабызга кошул” деп сунуш кылды”, - дейт.
Жаш таланттын маегин “Супер-Инфонун” жаңы санынан (№776, 15-cентябрь, 2017-жыл) табасыз.