Бишкекте башка улуттагы жигит менен бараткан кызды чаап жиберген жаран боюнча териштирүү иштери жүрүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 15-сентябрда SUPER.KG порталына Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, окуя ушул жылдын 11-сентябрь күнү "Ош базарынын" аймагында болгон.
"1988-жылы туулган Т.Ж. аттуу жаран 1989-жылы туулган кызды "башка улуттагы жигит менен жүрөсүң" деп бетке чаап жиберген экен. Окуя болгон жерге милиция кызматкери барып, аларды жакынкы милиция бөлүмчөсүнө алып келген. Азыркы тапта маалыматтар топтолуп, териштирүү иштери жүрүп жатат", - деп билдирди Бишкек ШИИББинин басма сөз катчысы Адыл Оморов.
Айта кетсек, буга чейин интернетке "Ош базарында" тартылган видео тараган. Видеодо бир жигит менен бир канча аялдын урушуп жатканын көрүүгө болот. Жигит "Кыргыз кыздар башка улуттун балдары менен жүрбөш керек" десе, аялдардын "өзү билет ким менен жүрүштү, сен аны эмнеге урасың" дегени угулат.