Күбө: "Бишкекте башка улуттагы жигит менен бара жатканы үчүн жаакка чабылган келин кош бойлуу болчу"

Бишкекте башка улуттагы адам менен бара жатканы үчүн жергиликтүү жаран кол көтөргөн келин кош бойлуу. Бул тууралуу SUPER.KG' порталына окуянын күбөсү билдирди.

"Мен ал келинди чаап жибергенин көргөн жокмун. Окуянын башы эмнеден башталды билбей калдым. Бирөөнүн ыйлаганы менен аялдардын ызылдаганы угулду. Чыксам, болжолдуу беш айлык кош бойлуу келин ыйлап, жанында бир жигит жаман сөздөр менен сөгүнүп жатыптыр. Сураштырсам сөгүнүп жаткан адам ыйлап жаткан келинге "кыргыз калбай калыптырбы? Эмнеге башка улуттагы адамдар менен көңүл ачып жүрөсүң?" деп кол көтөрдү дешти ошол жердегилер. Келиндин жанындагы башка улуттагы жигит кыргыз балдардан чочулады окшойт, аялдардан милиция чакырууну өтүнүп жатыптыр. Кызга кол көтөргөн жигит аябай агрессивдүү экен, эч кимге моюн бербей уят сөздөр менен сөгүнүп ошол жерде жарым сааттай аялдар менен жаңжалдашып турду. Ошол учурда кыздын жанындагы жигит коркконунан радиоузелдин күркөсүнүн ичине кирип турду. Жарым сааттан кийин гана милиция кызматкерлери келип, жаңжалга себепкер болгон жигитти кармап кетишти", - дейт атын атагысы келбеген күбө.

Ошондой эле окуяга күбө болгондордун дагы бири окуянын башын өзү көрбөгөндүгүн, бирок көргөндөр жаңжал чыгарган жигит келинди муштуму менен эмес, алаканы менен акырын эле жаагына чапты деп укканын айтты.

Эскерте кетсек, буга чейин Бишкек ШИИББи башка улуттагы жигит менен бараткандыгы үчүн чаап жиберген жарандын иши иликтене баштаганын билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (86)
revolyutsiya1
2017-09-16 12:37:42
Эгер ошол кыздын ордунда силер болсонор, ата-энен же бир тууган, жакын туугандарынар бешененерден сылайт бекен?!!

Ал кыз суротто корунгонуно караганда эч кандай боюнда бар эмес!!! Экинчиден афган жигит куйоосу экени факт эмес!! Ошондо ал кыздын афган жигит менен эмне жумушу бар, эгер кыз биз ойлогондой женил ойлуу болбосо?!!

Бироо айтат кыргыз жигиттери башка улут эркектери менен конкуренция кыла албай аткан имиш!!! Анда сен Кыргызстанда ... жеп журосунбу?!!
+16
AKCAHAT
2017-09-16 15:40:20
revolyutsiya1, https://www.super.kg/mobile/kabar/news/202159/
Бул макалага эмне дейсин? Конкурент болуп,ушул жерде ар бир комментарийге жооп жазып жетишип атканынардай жашоодо да кыйын баатыр болсонор мумкун ушунтип 20 жашында ботон элде жат элдин баласын багып олтурбайт болчук.Тилинер мн реалдуу жашоонор тенирдин тескериси болуп жатпайбы? Канчалаган кыздар мынтип тагдыры
талкаланып,келечеги будомук,чет жерде сынып журот.
-7
revolyutsiya1
2017-09-16 15:55:30
AKCAHAT, Ата-бабабыздын кылымдар карытып бизге жеткен, "жокчулук уят эмес, байлык мурат эмес" деген кебин уккан белен?!! Ал кызды ата-энеси уй-булолук шартка байланыштуу жоноткон чыгаар Россияга, кырсык деп коет аны! Жокчулуктун айынан башка олкого барып иштегендин уяты жок, туз журуп жаман жолго баспаса!!!

Жокчулук илгери да болгон, ошол убакта кыргызымдын кыз-келиндери жокчулукка шылтап, кыргыз жигиттерин чанып, афган, озбек-тажик, калмактарга тийип кеткен эмес......
+11
AKCAHAT
2017-09-16 18:57:56
revolyutsiya1,)) кочодо журсо 40 уйдо тыйуу уялып кетесинер,ал эми иштеп журсо шарты ошондой ата энеси жооп берет))) Несерьёзный, двух стандартный коз карашынар адамды аргасыз жылмайтат)) Намаз окубай,орозо кармабай,садака бербей, анан пайгамбарыбыз мынткен Аллах буйурган деп 4 аял алган динбузар кээ бир молдого окшошсунар))Баардык нерсени озунорго ылайыкташтырып карайсынар,деградация(((
-3
AIZAD
2017-09-16 20:38:53
AKCAHAT,эн туура соз!!!
-2
Nanei
2017-09-17 10:58:13
AKCAHAT,эн туура Эркектер аман эле болушсун. Аялдардан откон ушак чылар. ХХХ
0
emmasha
2017-09-16 12:51:38
Кеп ушул кыз жонундо болуп атса. Кана кимин далилдеп бере аласынар кыз ошол авган менен жатып жургонун никеси жок зына калганын билип билбей силер деле жыйынтык чыгарып бербегиле эркектер.
-6
Ayida
2017-09-16 12:53:01
Боюнда бар аял башка ал. Бул кыз узун болуп эле соройуп турбайбы
+9
Ayida
2017-09-16 12:53:55
Жалган кубо экен ХХХ.Бала жакшына эле суйлоп атат.
+9
Altysha89
2017-09-16 14:21:15
Бұл макалага ар ким өзунун денгээлине жараша кабыл алып, комментарий калтырышыптыр,кээбири баланы колдосо,кээбири кызды. Менин ойум.Айымдар суроо киминердин эркегинер унчукпайт эгерде ушул көрунуш силерде болсо? Бул суроо мумкун куйөсудур деген ком-ден келип чыкты.Эгерде эркек куйумдуу адамын болсо ал лох эмес да жолдогу эле бирөөгө урдуруп койгудай. Мисалы менин күйөөм коргоочум таянар тоом. Бирок жакшынакай эле кыргызымдын мырзасы.Куйөө деген эси ооп карап турабы аялын уруп жатса.Ойлонгулачы.
+10
tram-lam
2017-09-16 14:39:42
Бир адамды чын конулум менен жактырып калсам, анын кайсы улуттан экендиги мени ойлондурган маселелердин эн акыркысы болмок. Адамдарды "адам" жана "адам эмес" деп экиге гана болууго болот менимче. Ошол чаап жиберген неме экинчи топко кирет.
-9
aiza16
2017-09-16 15:22:09
Студент маалымда коп улуттуу факультетте окучумун. Группамда да тажик туркмон озбек турк татар индус бар эле. Алар менен бир больницадан экинчи бир жерге окуганы барганда чогуу эле журчубуз. Чогуу тамактанып. Окуу куралдарын базардан чогуу алып дегендей. Проблема болгон эмес. Бизден кийинки муундар да ошентип окуп атышса керек. Кундузу ош базарында бир кыз менен башка улуттун жигити жумуштары менен барса керек. Ушул нерсени проблема кылганга арзыйбы? Же гостиницадан тутуп албагандан кийин.
-8
aiza16
2017-09-16 15:30:53
Жыгачтын жумшагын курт жейт болуп кыздын алсыздыгынан пайдаланып чапканга башка эркектер кандай караар экен. Мындай томонку сорттогу адам корунуп турат кандай тарбия алганы. Он- позор нации!
-6
AIZAD
2017-09-16 16:11:55
Комент жазгандардын кобу эле жигиттерибиз экени билинип турат. "Аялдар базарда, эркектер телефон диванда!"
-4
Snejana
2017-09-16 18:13:07
AIZAD,туура айтасын. Колдорунан эч нерсе келбегендер, чалкалап телефон чукулап, диванда жатып алып жазып атышат да. Ушундайларды кур намыс деп коет. Мисалы менин жолдошумдун убактысы жок интернетке киргенге. Бизди багам деп ар дайым жумушта, керек болсо суббота,воскресение дагы уйдун жумуштарынан бошобойт. Телефон кучактап, интернетке кирген эркектерге анча жарашпайт.
-1
AKCAHAT
2017-09-16 18:37:15
AIZAD,булар "дежурный" эркектер, куну туну ушиерде аялдарды, Атамбаевди андып олтурушат))) баарына текши бирден бирден жооп берет зерикпей,кээде профессиясы коммент жазгыч окшойт деп ойлоп калам.24 саат коммент жазып олтурган адамдын реал жашоосу... Форумдун "ОБОН"чулары))) эркек башы мн.Уятда эми ар бир кыз кишиге жооп жазып урушуп тытышып чыгыштын озу болобу?Эми бирле суперинфо эмес дагы инста,фейсбук,одно ж.б.толтура ошого чычалайт окшойт булар диван геройлору десек, оксу
0
seidalikyzy
2017-09-16 17:41:16
Кана ошол патриотмун деген жигиттер мага да жолукканда. Алар озу уй-булоосун биринчи эч нерседен кем кылбай багып алсын, башка эркектерди да ошого чакырсын. Аялын базарга чыгарып коюп кечке уйкуда жаткан эркектерге кол которобу урабы ошолорду ондосун. Аялдарга кучун коргозбой эле коюшсун. Мисалы мен иштейм куйоом уйдо жатат. Кана кайсыл патриотмун деген жигит ушундай эркектерге чара колдонот. Так что биринчи озунорду ондогула жигиттер.
-6
revolyutsiya1
2017-09-16 18:05:36
seidalikyzy, сенин куйоон уйдо жатып, сен кочодо журсон сенде да айып бар!!! Аял жакшы эр жакшы дейт! Куйоонду созго келтирип жумушка алып чыгуу колунан келбесе, биз силердин ички мамиленерге аралашалыбы?!! Куйоонду ондоо сенин ишин, колундан келбейби ажырашып тузугуно тий!!! Кыргыз жигиттерин баары эле сенин куйоондой эмес го?!!

Бул жерде кеп бир кыргыз жуптун уй-було маселесинде эмес, кыргыз кыздарынын башка улут эркектери менен жургонундо болуп жатат...
+4
Snikers18
2017-09-16 17:47:45
Super kg сиздерден бул окуянын төгүнүнүн аягы кандай жана милиция кызматкерлери кимисине кандай чара көргөндүгүн сайтка жазууңуздарды күтөбүз.
+6
admin_superstan
2017-09-18 14:36:01
Snikers18, саламатсызбы! Төмөнкү шилтеме аркылуу кирип көрүңүз.
http://www.super.kg/supertv/204545
0
tram-lam
2017-09-16 21:34:15
Жолдо кыргыз жигит башка улуттун кызы менен кетип бара жатса кыргыз кызы келип тиги жигитти бир койгонун элестетип жатасынарбы? Эмнеге аялзаты физикалык алсыздыгынан улам жапа чегиши керек? Тен укуктуулук кайда? Же эркектердики зына болуп эсептелбейби? Таш доорунда жашабай элебиз го, туугандар!
-3
aman0296
2017-09-17 04:18:06
Журсо журуптур. Урганга анын кандай укугу бар
-1
Nora
2017-09-17 05:13:18
kim kaisy ulutka turmushka chyksa dagy kimdin kandai ishi bar ya? azyr biroogo biroo kazanyna assh salyp berip atty bele? ar kim ozu bilet kim menen kimden boiunda bar jok, terishtirip emnee? bashynar bolso jigiterr! Aiyaldy syilap kolgo salyp bakkyla, anan suilogulo, uyat ele, aiyal zatyna kol kotorgon erkek omutu jaarybait dep ukkan elem.
-1
meni_kut
2017-09-17 16:58:59
молодец жигит
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан