Америкалык Forbes журналынын эсептөөсү боюнча дүйнөдө байлыгы 1 миллиард доллардан ашкан 2043 адам бар. Алардын сап башында Билл Гейтс, Уоррен Баффет, Жефф Безос турат. Эксперттердин баамында, эң бай 8 адамдын бар тапканы дүйнөдөгү бардык адамдардын жарымынын байлыгына барабар. Дүйнөдөгү байлар кантип байышкан же алар төрөлгөндө эле бай болгонбу? Ушул суроолордун жообун билсеңиз, тесттен өтүп көрүңүз.