Өмүрбек Бабанов менен Бакыт Төрөбаев биригишти

Кыргыз Республикасынын президенттигине талапкер Өмүрбек Бабанов Жалал-Абад шаарынын тургундары менен болгон жолугушуусунда өтө маанилүү билдирүү жасады. Ал Кыргыз Республикасынын президенттигине талапкер Бакыт Төрөбаев менен биригүү келишимине кол коюп, биргеликте элге кызмат кылуу максатын жарыялады.

Эки саясатчыны колдоого миңдеген жергиликтүү тургундар келди.

"Өнүгүү-Прогресс" партиясынын лидери Бакыт Төрөбаев: "Биз Өмүрбек Бабанов менен идея жана багыттарыбыз бирдей экенин түшүндүк. Мен Бабанов-Төрөбаев саясий тандеми түзүлгөндүгүн расмий түрдө жарыялайм. Бүгүндөн баштап биздин жалпы ураан "Бабанов – президент, Төрөбаев – премьер-министр" болду. Биздин программалардын, алдыга койгон максаттарыбыз окшош болгон үчүн шайлоого чогуу аттандык. Биздин көздөгөнүбүз: Конституциялык реформа, Жогорку Кеңештин депутаттарынын санын азайтуу менен бирге өлкөнү өзгөртүү, кадр саясатындагы, сот системасындагы реформаларды жүргүзүү, коррупция жана жумушсуздук менен күрөшүү".

Бул күн Кыргызстандын тарыхында алтын тамга менен жазылат деп ишенем деди Өмүрбек Бабанов. Ал Бакыт Төрөбаев менен шайлоодо утуу үчүн эмес, өлкөдөгү олуттуу реформаларды жүргүзүү үчүн бириктик деп белгиледи.

"Биз Бакыт Төрөбаев менен "Республика" партиясын түптөгөнбүз, биздин командалар сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн соң эки чоң саясий күч биригип жатат. Жеңиш биз тарапта болот деп ишенем. Акыркы 5 жылдык бизге тынчтыкты жана стабилдүүлүктү алып келди. Эми алдыда эки күч биригип, бекемделип, өзүбүздүн жаңы тарыхыбызды түптөө зарыл. Кыргызстан алдыга секирик жасайт деп ишенем. Биздин өлкөбүздө укук, коопсуздук, элге билим берүү, медицина, илим жана жаңы технологияларды өнүктүрүү үчүн чечкиндүү кадамдар керек. Көздөгөн ой-максаттарга пикирлеш адамдардан турган команда менен гана жетүүгө болот. Ошондуктан эки саясий күч биригип жатат. Эми биз 2017-жылдын 15-октябрында жеңиш үстүндө жолугалы", - деп билдирди Бабанов.

Расмий салтанаттын уландысы эки саясий күчтүн биригүү келишимине кол коюшу менен жыйынтыкталды.

"Алдыга жол" программасы 5 кадамдан туруп, президенттин тарыхый жарлыктары катары көрсөтүлгөн. Алар өлкөдөгү башкы тиричиликти түп-тамырынан бери өзгөртүүгө арналган.

  • Өлкөнү башкаруунун жаңы стили
  • Жаңы экономикалык жана социалдык саясат
  • Коррупциясыз өлкө. Көз карандысыз саясий система
  • Коопсуз мамлекет
  • Эффективдүү тышкы саясат. Маданий мурас
Аткаруучу: ЖЧК «SUPER.KG» (СУПЕР. КЕЙ ДЖИ), Бишкек ш., Күрөңкеев к., 180.
Буйрутмачы: Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкер Бабанов Ө.Т.
Шайлоо фондунан төлөндү, каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Тогузбаева Ч.Э. Нускасы: 1, чыгарылган датасы: 17.09.17

кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан