Бакыт Төрөбаев: "Биздин максаттар бир – биз өлкөбүздүн жаңылануусун каалайбыз!"

- Урматтуу мекендештер!!!

Мени Кыргыз Республикасынын Президенттик кызматына талапкер катары көрсөткөн партиялаштарыма алгач чоң ыраазычылыгымды билдирем. Бул мен үчүн өтө зор жоопкерчилик.

Андыктан, мен сиздердин ишенимиңиздерди актоо үчүн болгон күч аракетимди жумшайм. Тарапташтарымдын, санаалаштарымдын колдоосун дайыма сезип келем. Чын жүрөгүмдөн ыраазымын жана дайыма сиздер мененмин!!! Азыркыдай ийгиликтерге жетишиме сиздердин салымыңыздар чоң.

Кыргызстандын саясий туруктуулугун камсыз кылуу жана өлкөбүздүн кызыкчылыктарын коргоо мен үчүн башкы орунда турат.

Мен тарапташтарым менен бирге бул шайлоого катуу даярдык көрдүк. Бул кадамыбызды маанилүү саясий чечим катары эсептейбиз.

Биз шайлоочуларыбызга мамлекетибиздин мындан аркы жаркын келечегине багытталган “Өнүгүүнүн жаңы багыты 2023” деп аталган саясий программабызды сунуш кылдык. Кыргызстан жакынкы 10-15 жылда кандай өлкө болушу керектигин так белгиледик.

Менин программам менен талапкер Өмүрбек Бабановдун программасынын өзөгү дал келди. Алар Конституциялык реформа, кадр саясатындагы бир катар маселелерди жөнгө салуу, депутаттардын санын кыскартуу жана башкалар болуп саналат.

Биз Кыргыз мамлекетинин бүтүндүгүн сактоого, ар бир жараныбызды бакубат жашоого жеткирүүгө, туруктуулукту камсыз кылууга бирге кадам таштадык.

Менин шайлоо алдындагы “Өнүгүүнүн жаңы багыты 2023” жана Өмүрбек Бабановдун “Алдыга жол” программасында көп окшоштуктар бар. Анткени өлкөнү өнүктүрүүгө тоскоол боло турган көйгөйлөрдү чечүүнүн жолдору бирдей.

Урматтуу достор, мен Өмүрбек Бабанов менен биригүүнү чечип, алдыдагы шайлоодо “Бабанов-Төрөбаев” саясий тандемде катышканы жатабыз. Мындан ары биз бир күчпүз, биз жаңылануу жана жеңиш үчүн бириктик. Мен бардык кыргызстандыктарды жана өзүмдүн тарапташтарымды мени колдоого жана биз менен бирге болууга чакырам!!!

Урматтуу Кыргызстандыктар!!!

Мен көп убактымды өз элиме кызмат кылууга арнап келе жатам. Мындан ары да өлкөмө бүткүл эмгегимди арнагым келет. Биз биригип, чоң күчкө айлануу менен Кыргызстанды өнүккөн, гүлдөгөн мамлекетке айланта алабыз!!!

Урматтуу мекендештерим жана тарапташтарым!!!

Баарыңыздардын колдооңуздар үчүн чоң рахмат айтам!!!

Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкер Төрөбаев Б.Э. PR-кызматы тарабынан даярдалды. Дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Рыскулов к. 79 "б". Чыгарылган датасы: 19.09.2017-жыл. Нускасы: 1 даана.
Буйрутмачы: Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкер Төрөбаев Б.Э. Каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Тулеев Б.Б. шайлоо фондунан төлөдү.
Келишим №126/17-СR, 6-сентябрда түзүлдү.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан