О! мобилдик оператору мыкты IT адистерин иш менен камсыз кылат

О! мобилдик оператору менен Борбордук Азиядагы Америка университетине караштуу маалымат технологияларын өнүктүрүү борборунун ортосунда борбордун мыкты бүтүрүүчүлөрүн кесиптик квалификациясына ылайык компанияда иш менен камсыз боло тургандыгы тууралуу келишим түзүлдү.

Java, Cisco-CCNA курстарын жана ПК тестирлөөсүнөн ийгиликтүү өткөн студенттерге өлкөнүн алдынкы IT адистеринин командасына кошулууга мүмкүнчүлүк берилет. Телекоммуникация чөйрөсү азыркы күндө, өтө тез өнүгүп жаткан чөйрөлөрдүн бири, ал эми О! мобилдик оператору – Кыргызстандын мобилдик байланыш тармагындагы технологиялык лидер болуп саналат.

"Биздин миллиондогон мекендештерибиз колдоно турган алдынкы кызматтарды иштеп чыгууга катышкандардын катарында сиз болуп калышыңыз мүмкүн. Күн сайын чечилиши керек болгон кызыктуу тапшырмалар болоруна сөз берем, тармакты өнүктүрүп, өзүн-өзү өстүрүү керек. Мындан тышкары, жогорку айлык маяналуу, туруктуу ишке орношууга мыкты мүмкүнчүлүк беребиз", - дейт О! мобилдик операторунун коммерциялык директору Максим Сидоренко.

О! мобилдик оператору промоутерлерди жана Контакт-борбордо абоненттерге кеңеш бере турган адистерди активдүү түрдө ишке алууну улантууда. Мындай жумуш ийкемдүү графикти шарттайт жана компаниянын ичинде окуп үйрөнүүгө мүмкүндүк берет. Мындан тышкары ири компанияда иштөө карьералык өсүүнүн жаркын келечеги болуп саналат.

Кыргызстандын ийгиликтүү компанияларынын биринин кызматкери бол. Резюмени бул дарекке жөнөтүү керек: hr@nurtelecom.kg.

О! менен бирге чечкиндүү кадам ташта!


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан