Нарын облусу Өмүрбек Бабановду колдоду



Президенттикке талапкер Өмүрбек Бабанов өзүнүн үгүт иштерин Нарын облусундагы Ат-Башы районунда жана Нарын шаарында улантты.

Талапкер жергиликтүү тургундарга кайрылып жатып өз сөзүндө президенттикке талапкердин аныкталган жана такталган программасы даяр болушу керек экендигин белгиледи.

"Азыркы шайлоодо аң-сезимиңерди бурмалаган учурлар болуп жатат. Силер партияны эмес, бир кишини тандайсыңар. Ал эми талапкердин, элдин жашоо-турмушун өзгөртө алчу программасы даяр болушу керек. Ар бир шайлоодо биз элдин талабын эске алуу менен такталган программаны алып чыгабыз, ошондуктан элдин эсинде калат десек болот. Саясий реформалар болуп жатат, бирок экономикалык өнүгүүдөн артта калдык. Ошондуктан намыскөй болуп, аким, губернатор үгүттөп жатат деп жердешиңерге добуш берүүнү токтоткула. Биз азыр Бакыт Төрөбаевдин колдоосу менен алдыга ачык кадам жасоого кириштик. Бабановду шайласаңар, Төрөбаев премьер болот. Президент негизги максаттарды айтса, негизги экономикалык реформаларды өкмөт жасайт. Ошондуктан экөөнүн көз-карашы бирдей болушу керек", - деди Өмүрбек Бабанов.

Ошондой эле саясатчы коррупция менен күрөшүү, аз пайыздуу кредиттер, пенсия жана айлык акыны көбөйтүү, соода-сатыкты ачык жүргүзүү, экономикадагы реформалар жана билим берүү тармагындагы өзгөрүүлөргө токтолуп, кененирээк айтып берди.

Талапкердин Нарын шаарында өз тарапташтары менен болгон жолугушууда саясатчы "миллиондорду жегендерди токтотууга эрким жетет" деп белгилей кетти.

"Бабановду колдойлу деп келгендердин добушун уурдаса, кеп мен жөнүндө эмес, кыргызстандыктардын жашоосун уурдоо дегендикке жатат. Өлкөдө өнүгүү болбойт. Эмне үчүн биздин балдар чет жерде жүрүшү керек? Эмне үчүн борбордук жолдор гана жасалышы керек? Жери бекер, жарыгы бекер аймакта бир эмес үч мектепти курса болот. Менин максатым: бала бакчаларда, мектептерде, жогорку окуу жайларда болбогон коррупцияны жоготуу эмес, миллиондорду жегендерди токтотуу. Ал үчүн мамлекетти башкарган адамдын эрки жетиши керек. Коррупцияны түп-тамырынан жоготуу менин колуман келет деп ишенимдүү айта алам. Алдыдагы тандоодо талапкердин жок дегенде 4-5 реформасын эстеп сөзүнө эмес, кылган иш-аракетине баа бергиле", - деген Өмүрбек Бабанов элди туура чечимге чакырып кетти.

«Алдыга жол» программасы 5 кадамдан туруп, президенттин тарыхый жарлыктары катары көрсөтүлгөн. Алар өлкөдөгү башкы тиричиликти түп тамырынан бери өзгөртүүгө арналган.

  • «Өлкөнү башкаруунун жаңы стили»
  • «Жаңы экономика жана социалдык саясат»
  • «Коррупциясыз өлкө. Көз карандысыз саясий система»
  • «Коопсуз мамлекет»
  • «Эффективдүү тышкы саясат. Маданий мурас»

Аткаруучу: ЖЧК «SUPER.KG» (СУПЕР. КЕЙ ДЖИ), Бишкек ш., Күрөңкеев к., 180.
Буйрутмачы: Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкер Бабанов Ө.Т.
Шайлоо фондунан төлөндү, каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Тогузбаева Ч.Э. Нускасы: 1, чыгарылган датасы: 20.09.17


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан