Бишкекте “Газпром нефть Азиядан” чет өлкөдө саякаттоону уткан жигит жолдомону ата-энесине белек кыларын айтты

19-сентябрда Кыргыз өлкөсүндөгү “Газпром нефть Азия” компаниясы уюштурган “Кыялыңызды утуп алыңыз!” акциясынын 17-июндан 18-августка чейин өткөн 1-этабынын жеңүүчүлөрү белектер менен сыйланышты. Салтанаттуу иш-чарада 200дөн ашуун белектер, алардын ичинде ноутбуктар, аудиосистемдер, видеорегистраторлор, чемодандар, унаакомпрессорлору, унаа үчүн инструменттер, G-Drive сертификаттары, документтер үчүн баштыктар жана рюкзактар өз ээлерине тапшырылды. Ал эми 1-этаптын башкы байгеси - каалаган өлкөдө жакын адамы менен саякаттоого жолдомону уткан 24 жаштагы Медер Саламатов жеңүүчү болгонуна башында ишенбегенин айтып берди.

“Мен абдан кубанычтамын. Чындыгында, белек утам деп күткөн эмес элем. Буга чейин деле башка сынактарда катышып, бирок жеңчү эмесмин. Радиодон чалып, менин башкы байгени утканымды айтышканда да ишенген эмесмин. Тизмеден атымды көргөндө гана ишендим. Эми саякаттоого жолдомону ата-энеме берейин дейм. Европаны көрүп келишсин деп каалап жатам. “Газпром нефть Азия” компаниясына чоң ыраазычылык билдирем. Мен 2010-жылы айдоочулук күбөлүк алгандан бери унаама майды бир гана “Газпромнефттен” толтурам жана баарына сунуштайм”, - деди Саламатов.

“Газпром нефть Азия” компаниясынын башкы директорунун орун басары Алишер Жолчуевдин айтымында, акцияга катышууга жалпысынан 62 миң 148 стретч-карта катталган. “1-этаптын жеңүүчүлөрү 29-августта “Радио Рекорд Бишкек” радиосунда түз эфирде аныкталган. Мындан тышкары “Газпром нефть Азиянын” Фейсбуктагы расмий баракчасында көрсөтүлгөн. Жыйынтыктары Random программасынын жардамы менен көз карандысыз комиссиянын катышуусунда аныкталган. Бүгүн биз жеңүүчүлөргө белектерди тапшырдык. Бирок муну менен белектерибиз түгөнгөн жок. Алдыда дагы 2-этаптагы белектерди ойнотуу болот. Анда башкы сыйлык катары Ысык-Көлдөгү 3 бөлмөлүү коттедж, чет өлкөдө саякаттоого жолдомо жана 200 сонун белек ойнотулат”,- деп кайрылды кардарларга Жолчуев.

Айта кетсек, 20-октябрда “Кыялыңызды утуп алыңыз!” акциясынын башкы байгеси – Ысык-Көлдөгү “Роял Бич” пансионатында 3 бөлмөлүү жаңы коттедж ойнотулат. www.gpn-promo.kg сайтында бул коттеджди көргөнгө жана 3-D тур жасаганга болот. Акцияга катышуу оңой: “Газпром нефть” май куюучу жайында май толтуруп, ар 10 литр үчүн купондо мөөр коюлат. Ал эми G-Drive майы үчүн купондо 2 мөөр коюлат. 10 мөөр коюлган купонду 1 стретч-картага алмаштырып, кодду акциянын www.gpn-promo.kg сайтында катташ керек.

Алишер Жолчуев, “Газпром нефть Азиянын” башкы директорунун орун басары: “Биз ар дайым ар бир кардарыбыз үчүн кубанычтабыз. Айдоочулар “Газпром нефть” май куюучу жайлардан сапаттуу орусиялык май алып жатышат жана “Сапарыбыз бир” программасы аркылуу упайларды топтоп, биздин көптөгөн акцияларыбыздан сонун белектерди ута алышат. “Газпром нефть” май куюучу жайларына кош келиңиздер!”

“Газпром нефть Азия” компаниясы “Кыялыңызды утуп алыңыз!” акциясынын 1-этабынын жеңүүчүлөрүн чын жүрөктөн куттуктайт жана кардарларына оюнга катышканы үчүн ыраазычылык билдирет!


кошулду
“Газпром нефть Азия” компаниясынын акциясына катышып, коттедж утуп ал
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
srk312
2017-09-21 16:44:51
соонун жанылык экен .Мен дагы катышкым келип атат )
0
Hadyja
2017-09-21 17:45:41
Ата-энесин кубанткандар кобойсун!!!!
+2
amirrus
2017-09-21 19:53:13
бул компаниянын белегинен да ГСМинин тазалыгын баса белгилеп кетким келет
+2
rysik79
2017-09-22 09:47:51
Ийгилик коттедж кимге буйруйт экен
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан