БШКнын мүчөсү Атыр Абдрахматова диний аалым Чубак Жалиловдун үгүт ишине катышуусу мыйзамсыз болгонун айтты. Учурда Борбордук шайлоо комиссиясына бир канча арыз келип түшкөнү белгилүү болду.
"Баш мыйзамдын 7-беренесинде "дин маселелери, диний ишмердүүлүк, диний кайсы бир баалуулуктар мамлекеттин ишмердүүлүгүнөн ажыратылган, экөө бири-бирине кирише албайт" деп белгиленген. Андан тышкары президентти шайлоо боюнча Конституциялык мыйзамда 22-беренеде "Дин ишмерлери үгүт иштерин жүргүзө албайт, үгүт материалдарын чыгара албайт, үгүт материалдарын тарата албайт деп жазылган. Ошол себептен бул түздөн-түз мыйзамды бузуу болгон", - деди Абдрахматова.
"Андан тышкары толук тасманы карап көрсөк, үгүттөөдө дин суроолору да колдонулуп кеткен. Ошол себептен бул боюнча БШКга биздин жарандардан арыздар келип түшкөн. БШК мүчөсү Назарали Арипов жетектеген жумушчу топтун алкагында бул маселе биринчи каралат. Андан кийин сөзсүз түрдө БШКнын талкуусуна түшөт", - деди БШКнын мүчөсү.
Белгилей кетсек, аалымдар кеңешинин мүчөсү, дин аалымы, мурдагы муфтий Чубак Жалилов кечээ, 20-сентябрда президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбековду колдогон видео интернетке тарап, социалдык түйүндөрдө талкууга алынган.