Бишкекте "Ал Халал" компаниясы адал колбаса өндүрүү ишин кызуу жүргүзүүдө. Бүгүн аталган компания алгачкы жолу ачык эшиктер күнүн өткөрдү. Ага Муфтийдин орун басары Жоробай Шергазиев, "Адал" индустриясынын өнүктүрүү борборунун жетекчиси Мыктыбек Арстанбек жана сатып алуучулар, ошондой эле ишкерлер катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө "Ал Халал" компаниясы келген конокторго жана жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу бүтүндөй коомчулукка колбасанын даярдалышын көрсөттү.
"Биз тиешелүү кызматтардан атайын халал сертификатын алган бирден бир компаниялардын бирибиз. Өндүрүлүп жаткан колбасанын кандай даярдалышы, кантип ышталары, айтор баары коомчулукка ачык болсун деген максатта ачык эшиктер күнүн уюштурганбыз. Компания Европадан алып келинген акыркы үлгүдөгү жабдуулардын жардамы менен иш жүргүзөт. Айта кетсек, колбаса даяр болгондон кийин атайын таңгактоо иши жүрөт. Мында заманбап жабдуу менен таңгакталат. Бул жабдуунун саатына 300 килограмм колбасаны таңгактоо мүмкүнчүлүгү бар", - деп билдирди "Ал Халал" компаниясынын башкы технологу Нурлан Дүйшөналиев.
"Ал Халал" компаниясы 2012-жылдын март айынан бери ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет. Учурда бул ишкана колбасанын 80ден ашуун түрүн өндүрөт. Алардын ичинен ышталган колбасанын 26 түрү, кайнатылган колбасанын 25 түрү ал эми чүйгүн эт азыктарынан 29 түрүн өндүрөт. Күн сайын 700 килограмм эт ишканага алып келинип, адистердин жардамы менен эт сөөгүнөн ажыратылып алынат. Андан соң атайын майдалоочу жабдууга салынат. Майдаланып чыккан эт дагы бир жабдуунун жардамы менен туздалып, башка даам берүүчү кошулмалар аралаштырылат. Андан соң атайын сосиска, колбаса болуп бир нече түргө бөлүнүп куюлуп, бышыруу үчүн мешке салынат. Жалпысынан 2 саат 20 мүнөттүн аралыгында кургатуу, ыштоо, кайнатуу жана бышыруу иштери аткарылат. Андан соң +4 градустагы муздаткычка киргизилип, бир күндөн кийин сатыкка чыгат.
"Биз бул "Ал Халал" компаниясы менен келишимдин негизинде 5 жылдан бери иштешебиз. "Адал" индустриясы өнүктүрүү борбору компаниядагы эттин адалдыгын тастыктап беребиз. Эң негизгиси бул компания коомго ачык чыгып каалаган адам келип көрсүн, биз колбасаны адал даярдайбыз деп бүтүндөй коомчулукка көргөзүп жатат. Мен азыр аткарылып жаткан ишти көрүп, чын эле адал жасалып жатканына дагы бир жолу ишендим. Ошол эле учурда жалпы элге биз тараптан адал деп тастыкталган колбасадан сатып алгыла деп сунуштайм", - деди "Адал" индустриясынын өнүктүрүү борборунун жетекчиси Мыктыбек Арстанбек.