Кыргыз өлкөсүнүн жашоочуларынын 57 пайызы эмне үчүн Pepsi'ни тандайт?

Өлкөдөгү калктын 57 пайызы Pepsi'нин даамын жактырат. Мындай көрсөткүч RG Brandsна компаниясы тарабынан Кыргыз өлкөсүнүн аймагында уюштурулган тестирлөөнүн жүрүшүндө белгилүү болду. "Pepsi'нин чакыруусун кабыл ал" акциясынын катышуучулары Pepsi суусундугун же ага атаандаш бренддин суусундуктарынан бирөөнү тандоосу керек болгон.

Кыргыз жеринин жашоочуларынын арасында Pepsi'нин керектөөчүлөрү көп экендиги "Pepsi Промо-2017" акциясынын жүрүшүндө да белгилүү болду.

Өлкө аймагында 1-июндан тартып башталган акция сентябрь айынын соңуна чейин улантылат. Анын катышуучуларынын катарына кошулуу үчүн сиз болгону 0,5 же 1 литрлик "Pepsi", "7UP" же "Mirinda" суусундуктарын сатып алыңыз.

Акциянын катышуучулары бөтөлкөнүн сүрөтү тартылган 2 капкакты 1 литрлик Pepsi'ге алмаштыра алат. Байгелерди берген даректерди https://pepsi.kz/prize-giving-centres/. шилтемени басып көрүңүз.

"Дүйнөлүк "Pepsi'нин чакырыгын кабыл ал" кампаниясы бул жылы биздин өлкөнүн аймагында да тестирлөө жүргүзүп, натыйжада мекендештерибиздин 57 пайызы Pepsi'нин даамын тандаган. Бул 100 жылдык тарыхка ээ дүйнөлүк бренд - Pepsi - кыргыздардын да сүйгөн суусундугу экендигин далилдеди.

Активдүү керектөөчүлөрүбүздүн баарына ыраазычылык билдиребиз. Алдыда, 30-сентябрда дагы бир утуш ойнотулат. Мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбай, суусундук алыңыз жана BMW унаасын утуп алыңыз", - дейт RG Brands Kyrgyzstan'дын сатуу боюнча аймактык менеджери Сабир Абдрахманов.

Pepsi'нин жагымдуу бөтөлкөлөрүнөн тышкары утуштун ар бир катышуучусу жагымдуу байгелерге да ээ болот. Муну менен катар BMW автоунаасынын ээси болуп калышыңыз да толук мүмкүн. Бул үчүн сиз ичинде атайын код жазылган капкакты тапканыңыз жетиштүү. Андан соң pepsi.kz сайтынын "Зарегистрируй код" бөлүмүнө катталыңыз.

5 автоунаанын алгачкысы алматылык Закиржан Бекташевге буюрган болсо, 2-жеңүүчүбүз Семей шаарынын жашоочусу Айгерим Мурзабекова. Андан кийинки унааны кызыл-ордолук Малика Берикбол кызы утса, 4-жеңүүчүбүз Кыргыз кызы Асем Кемелбекова өзгөчө өңдөгү BMW унаасына ээ болду.

Өткөн дем алыш күндөрү Pepsi уюштурган ири майрамдык шоу-кече өттү. Кече көптөгөн байгелер, көңүлдүү концерттер менен коштолуп, бактылуу жеңүүчүгө BMW унаасынын ачкычы тапшырылды.

"Pepsi суусундугун сатып алып, автоунаа утуп алуу эч оюма келген эмес. Мен бул жөн эле оюн деп ойлогом. Унаанын ачкычын колума алганга чейин мындай кереметтүү окуяга ишене албай жаттым. Бул үчүн Pepsi'ге рахмат", - деп өзүнүн эмоциялары менен бөлүштү Асем.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (22)
alikgz
2017-09-23 12:05:45
пепсини билбейм бирок Кока коланы зыян экенине карабай ышкыртам.......
+6
AKCAHAT
2017-09-23 14:45:23
Газдалган суусундуктардан баш тарткам, жон эле сууга жетпейт. Кээде эле Sprite ууртап койом достор же отуруштарда элден озгочолонбош учун
+5
beka1207
2017-09-23 20:14:17
Пепсини эчким ичпейт го
Коланы ичет десе ишенем))))
+2
Azatbek83
2017-09-23 20:15:45
Урматтуу Супер-Инфо сиздердин жакшы кыскача кун сереп дегенинер пн-пт чейин чыкчу депутаттар эмгек эргуусуно чыкты деп депутаттар жумушуна келгенде биз кайрадан жазабыз деп кун серепти да эс алдырдынар.Кун сереп жок болуп кетти депутаттар болсо жумушуна келишкен.Качан кун серепти чыгарасыздар жооп жазып койунуздар рахмат.
+5
admin_superstan
2017-09-25 10:26:08
Azatbek83, саламатсызбы! Сунушуңузга рахмат, тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
0
Adil706070
2017-09-23 22:18:42
пепси кока-коланы ичпегениме 2жылдай болот буйруса .
Башкаларга да ичишин сунуштабайт элем.пайдалуу газдалбаган суусундуктардан ичкиле бойрогунорду сактайм десенер
+4
afina66
2017-09-23 22:40:22
Ичкинер келсе Чайлардан отору жок
0
Moskva.kg
2017-09-23 23:22:32
Пепси коланын ордуна кымыз ичкиле
0
evra_kg
2017-09-24 00:16:26
Кола зыян деп пепси ичишет акылдуулар
+1
Jumahmatov
2017-09-24 00:31:28
Мага газдалган суусундук ичууго врачтар тыйуу салган тилекке каршы мен точно ута албайм
0
Alleria
2017-09-24 01:42:00
Пепси жагат мага негедир
-2
Sanjaraka
2017-09-24 02:20:04
Пепсини реклама кылышыптыр
0
Paolo
2017-09-24 03:54:02
Пепси мепсиси жок эле таза суудан отоору жок
+1
kamchatka
2017-09-24 07:32:07
жалпы элдин атынан суйлогонду качан токтотосунар!57 пайыз деп пайыздын коюп алгандарын@
+2
nurik903
2017-09-24 13:44:06
кымыз ич таза суу ич ошоо кыргыздын ичимдиги
0
nurik903
2017-09-24 13:46:19
кола менен пепси айырмасы жок зыян экоотен Чубак ажынын айтканын уккула кола пепси дебей
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан