Жантөрө Сатыбалдиев: "Каржы маселелери боюнча депутаттардын каалаган суроолоруна жооп берүүгө даярмын"
КРнын Өкмөт башчысы
бюджет боюнча депутаттардын суроолоруна жооп берүүгө даяр. Бул тууралуу
премьер-министр Таласта жүрүп билдирди. “Каржы маселелери боюнча депутаттардын
каалаган суроолоруна жооп берүүгө даярмын. Ошол эле учурда эл өкүлдөрүнүн
суроолоруна парламент жыйындарына катышып жүргөн өкмөттүн мүчөлөрү да жооп бере
алышат”,- деди Ж.Сатыбалдиев. Ошондой эле премьер Талас облусу боюнча
иш сапарынын алкагында Таластагы борбордук базарга баш багып, ун
менен эт азыктарынын баалары менен таанышып чыккан. Базарга болгон сапарынын
аягында 400 сомго бал сатып алганы да маалым болду.