Бишкекте ASIA MOTORS компаниясы курулуш үчүн оор техникаларды өндүрүүчү кореялык Hyundai Construction Equipment (HCE) ишканасынын расмий дистрибьютору катары ишин баштады. Салтанаттуу иш-чарага HCE ишканасынын башкы менеджери Юн мырза, “Азия моторс” ЖЧКсынын аткаруучу директору Арслан Хайров жана ЖАК “Кыргызстан лизинг" компаниясынын башкы директору Улан Сатывалдиев катышты.
Анын жүрүшүндө Юн мырза Кыргыз рыногунда курулуш техникаларын сатууга максималдуу күч жумшаларын баса белгилеп, расмий өкүлчүлүктөр буга чейин Казакстанда, Азербайжанда жана башка КМШ өлкөлөрүндө ачылганын айтты.
Ал эми Улан Сатывалдиев оор курулуш техникаларын сатып алууга баарынын эле алы келе бербегендиктен, ислам принциптери боюнча лизингге алса болорун айтты.
“Курулуш техникаларынын баасы оңой акча эмес. Баары эле аны дароо төлөй албайт. Биз оор техникаларды 18 айдан 60 айга чейин лизингге беребиз. Күрөө катары техниканын өзү алынат”, - деди Сатывалдиев.
Иш-чаранын соңунда Hyundai жаңы курулуш техникаларын сатып алгандарга баалуу белектер тапшырылды.
Айта кетсек, Hyundai Construction Equipment ишканасы - ири өнөр жай, көп профилдүү Hyundai Heavy Industries (HHI) компаниясынын курамындагы курулуш техникасын өндүрүүчү жаңы бөлүм. Азыркы тапта “HCE” ишканасы гусеницалуу жана дөңгөлөктүү экскаваторлорду, фронталдык жүк салуучу унааларды, малаларды, айры жүк салуучу унааларды жана башка атайын техниканы иштеп чыгат жана өндүрөт.
Hyundai Construction Equipment дилерлик тармагы дүйнөнүн 167 өлкөсүндөгү 800дөн ашык өкүлчүлүктү камтыйт. Өткөн жылы Орусияда 2,5 миң ири курулуш техникалары сатылган.
“Азия моторс” ЖЧКсынын аткаруучу директору Арслан Хайров алдынкы 5 жылда Кыргыз рыногунун 65 пайыз керектөөсүн камсыздоо пландалып жатканын билдирди.
“Учурда өлкө аймагында курулуш объектилеринде иштеп жаткан техникалардын дээрлик 55 пайызын Hyundai маркасындагы унаалар түзөт. Биз алдынкы 5 жылда Кыргыз рыногунун 65 пайыз керектөөсүн камсыздоону пландап жатабыз. Биздин компания 3S (сатуу, кепил, камдык бөлүктөр кампасы) стандартына ылайык иштейт. Сервис онлайн режимде өндүрүүчүлөр тарабынан жүргүзүлөт”, - деди Арслан Хайров.
Белгилей кетсек, "Азия моторс" компаниясы Кыргызстан рыногунда 9 жылдан бери коммерциялык жана жеңил автоунааларды сатуу жана тейлөө менен алектенип келет. "Азия моторс" Mercedes-Benz, Renault, Hyundai өңдүү белгилүү дүйнөлүк бренддердин расмий өкүлү болуп саналат. 2017-жылдын апрель айынан тартып компания Hyundai`дын курулуш техникаларын алып келүү жана тейлөө боюнча жаңы багытта иш алып барууда.