Темир Сариев кечээ, 25-сентябрь күнү штабда орун алып жаткан өзгөрүүлөргө байланыштуу мындай билдирүү таратты:
- Урматтуу достор!
Сиздерге биздин шайлоо штабыбыздагы өзгөрүүлөр тууралуу маалымдайм. Штабды жетектеген Эльмира Султановна Ибраимова кызматын тапшыруу чечимин кабыл алды. Анын ордуна штаб башчы болуп тажрыйбалуу башкаруучу, шайлоо кампаниясы башталгандан тартып штаб башчынын орун басары жана өлкө боюнча аймактык координаторлор менен иш алып барган А.К.Эргешов дайындалды. Ал эми Эльмира Султановнанын мындай чечим кабыл алышына президенттик шайлоо алдындагы саясий кырдаал себеп болгонун айтсак болот. Мен жана биздин команда өзүбүздөн алдыбызга тээ башында койгон максаттарга жетүү үчүн ишибизди улантып, позициябызды бекемдей бермекчибиз. Ал принциптер жөнөкөй: чынчыл күрөшкө багытталып, өлкөдөгү туруктуулукту сактоо жана өлкөнүн өнүгүүсүн камсыздай турган өзүбүздүн программабызды, идеяларыбызды жайылтууну улантуу. Мен Эльмира Султановнага борбордук штабдын ишине кошкон салымы үчүн ыраазычылыгымды билдирем жана мындан аркы саясий ишмердигине ийгиликтерди каалайм.