Бүгүн, 26-сентябрь күнү Ош облусунун Кара-Суу районунда жайгашкан Папан айылында алдын ала пландаштырылган боюнча Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкер Бакыт Төрөбаевдин жергиликтүү эли менен жолугушуусу болмок. Бирок Бакыт Төрөбаевге Папан айылынын жашоочулары менен боло турган жолугушуусун башка күнгө жылдырууга туура келди. Себеби жергиликтүү башкаруу органдары көптөн бери аткарылбай келе жаткан Папан айылынын 500 жашоочусуна бериле турган жер тилкелерин таратуу иш-чарасын баштаптыр.
Жергиликтүү элдин айтымында, жер маселеси көп жылдан бери чечилбей келген. Бүгүн кокустан эле айыл өкмөт башчысы Бакыт Төрөбаевдин жолугушуусуна барбоо шарты менен 500 жаранга жер тилкелерин бөлүп берүү токтомуна кол коюуну баштады.
Ага карабастан, папандыктар Бакыт Төрөбаевге өз ыраазычылыктарын билдирип жатышат, себеби көп жылдардан бери ала албай жүргөн жер тилкелерине ээ болушту жана үй курууга мүмкүнчүлук алышты.
Эгерде бул жөрөлгө кайталана берсе, анда Бакыт Төрөбаевге аймактарда көбүрөөк жолугушууларды өткөрүү керек, себеби кайсы жерге жолугушуу пландаштырылса, ошол айыл өкмөттүн башчысы тез аранын ичинде жергиликтүү элдин социалдык маселелерин чечүүгө киришип жатат.