"Бир Бол" партиясынын лидери Алтынбек Сулайманов ноокаттыктарды Сооронбай Жээнбековду колдоого чакырды!


Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, "Бир Бол" саясий партиясынын лидери Алтынбек Сулайманов Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигин колдойт. Бул тууралуу ал Кыргыз Республикасынын президенттигине талапкер Сооронбай Жээнбековдун Ош облусунун Ноокат районунун жашоочулары менен болгон жолугушуусунда билдирди.

"Мен дайыма Сооронбай Жээнбековдун жумушун сындап келгем, ал сынды туура кабыл алган. Бирок бүгүн мен аны мактагым келип жатат, анткени ал эң мыкты жөнөкөйлүк сапатына ээ. Ушул сапатынан улам жана эмгекчилдигинин аркасы менен ал президенттикке күчтүү талапкер катары жарышка келип жетти. Сооронбай Жээнбеков – атасынын татыктуу уулу. Жээнбековдор СССР кулагандан кийин дароо объекттерди менчиктештире баштап жана башка өз пайдасына иштерди жасаса болот эле - андай болгон жок. Сооронбай Жээнбеков көөп кетсе болот эле, андай кылган жок. Артынан бир да жаман сөз ээрчиген жок, атасынын ысымын булгабады. Бул шайлоодо кимди колдойбуз деп көпкө ойлондук, анан өлкөнүн кызыкчылыгын баарынан кымбат койгон Сооронбай Жээнбековго токтодук. Мен бир партиянын жетекчиси катары бүгүн алдыңарга Сооронбай Шариповичти колдоп келип отурам. Сиздерди дагы 15-октябрда биздин талапкерге добуш берип коюуңуздарды чакырам", - деп билдирди "Бир Бол" саясий партиясынын лидери Алтынбек Сулайманов.

Сооронбай Жээнбеков менен болгон жолугушууга 20 миңден ашуун шайлоочу келишти.

Даярдоочу: ЖЧК «SUPER.KG» (СУПЕР. КЕЙ ДЖИ), Бишкек ш., Күрөңкеев к., 180.
Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкер С.Ш.Жээнбековдун шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Сатыгул кызы Надира тарабынан буюртма берилди жана төлөндү.
Нускасы 1 даана. Чыгарылган датасы: 27.09.2017-ж.

кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан