Жакында Чоң-Алай районунда катталган жол кырсыгы 2 жаш кыздын өмүрүн алып кетти. Жаңы үйлөнгөн эки жаштын сейилдөөсүнө чыккан учурда болгон бул кырсык бир үй-бүлөнү жалгыз кызынан жана жаңы турмушка чыккан кызды сиңдисинен ажыратты. Ошондой эле дагы 2 кичине кыз менен унаанын 18 жаштагы айдоочусу ооруканада дарыланышууда. Улуу кызын турмушка узатып, кичүү кызынан айрылган Зулайка Аксатарова: “Үйгө барсак туугандар үйдү даярдап жатышыптыр. Аны көрүп эле кызымдын аман эмес экенин билдим. Ыйладым, сыздадым, бирок кызымды тапкан жокмун”, - дейт сыздаган эне.
Каргашалуу кырсык тууралуу “Супер-Инфонун” жаңы санынан (№778, 29-cентябрь, 2017-жыл) окуй аласыз.