Эмил Эсеналиев: “Мени сындайм деп жатып, үй-бүлөмө чейин асылып өтө төмөн деңгээлге түшүп кетишти”

SUPER.KG порталында түз эфирде конок болгон актёр, күлкү жаратуучу Эмил Эсеналиевге окурмандардан “Эмил, сен эмоционалдуу адамсың. Үйдө казан-аяк кагышканда жубайыңа кол көтөргөндөй көрүнөсүң...” деген суроого “Кол көтөрбөйм, бирок колунан катуу кармап, силкип койгон учурлар болгон. Ал эми аялга кол көтөрүүгө өздөрү жеткирет. Мисалы, жолдошу, балдары бар, бирок башка менен жүргөн аялзатын көргөндө менин деле ургум бар. Айткан кебиңди укпаса, түшүнбөсө уруш керек. Андайларды урбаганда эмне?” деп жооп берген. Ушул жооптун айланасында катуу талкуу болуп, ал сынга кабылган.

“Ал талкууну жараткандар интервьюну толук окубай туруп эле бүтүм чыгарып алышты окшойт. Кудай сактасын, мен аялыма кол көтөрбөйм. Ургандарга да каршымын. Туугандарга мен тууралуу мазак кептерди уккан оор тиет. Каза болгон апама чейин асылып жатышат, менде да жүрөк бар да, окуп алып абдан жаман болдум. Алар мени сындайм деп жатып, ата-энеме, үй-бүлөмө чейин асылып, өздөрү төмөн деңгээлге түшүп кетишти”, - дейт Эмил Эсеналиев.

Маекти толугу менен “Супер-Инфонун” жаңы санынан (№778, 29-cентябрь, 2017-жыл) окусаңыз болот.

"Супер-Инфо" гезитинин №778-жаңы санында...

кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан