Улуттар аралык кастыкты козутуу тууралуу делинип тарап жаткан чагымчыл видеого карата Өмүрбек Бабановдун штабынын билдирүүсү

Акыркы күндөрү жалпыга маалымдоо каражаттарында Кыргыз Республикасынын президенттигине талапкер Өмүрбек Бабановдун дарегине карата кара пиар күчөдү.

Жакында Өмүрбек Бабановду өзбек улутундагы Кыргыз Республикасынын жарандарын кагылышууга үндөп жатат деп айыптаган жалган видео тарады. Президенттикке талапкердин штабы Өмүрбек Бабановдун сөзүн мындай ыкмада чечмеленип берилгенине ачуусу келгенин билдирет.

Талапкер Өмүрбек Токтогулович Бабановдун ыйгарым укуктуу өкүлдөрү укук коргоо органдарына арыз жазат. Бул видеону монтаждагандар жана жайылткандар улуттар аралык кастыкты козутууга карата жоопкерчиликке тартылышы керек.

Арызга Өмүрбек Бабановдун Ошто сүйлөгөн сөзүнүн толук видеосу тиркелет. Анда талапкер бардык улуттардын өкүлдөрүн достукка жана биригип эмгектенүүгө чакырып, коркутууларга жана белгилүү бир талапкерге добуш берүүгө мажбурлоого карата элди чогуу каршы турууга үндөгөн.

Аткаруучу: ЖЧК «SUPER.KG» (СУПЕР. КЕЙ ДЖИ) Бишкек ш., Күрөңкеев к., 180.
Буйрутмачы: Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкер Бабанов Ө.Т.
Шайлоо фондунан төлөндү, каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Тогузбаева Ч.Э. Нускасы: 1, чыгарылган датасы: 29.09.17

кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан