Сариев: "Шайлоого аягына чейин барам"


- Урматтуу мекендештер, кымбаттуу кыргызстандыктар! Акыркы учурларда мага миңдеген шайлоочуларым кайрылып, менин өлкө президенттигине карата шайлоонун аягына чейин барар-барбасымды сурап жатышат. Ушул маселе боюнча мен буларды айтмакчымын.

Мени менен көптөгөн саясий күчтөрдүн, анын ичинде президенттикке талапкерлердин ортосунда көптөгөн жолугушуулар, кеңешүүлөр болуп келди жана болуп жатат. Мен муну шайлоо кампаниясынын алдында талапкерлердин бири-бири менен пикир алмашып, саясатчылар бири-бирин угуп жатканы жакшы адат катары санайм. Ошондой эле жоопкерчилик менен мен Кыргыз Республикасынын президентин шайлоого аягына чейин барарымды жана жеңип чыгууга ишенимдүү турганымды жарыялайм.



Мен президенттик шайлоого бийликти алыш үчүн эмес, кайсы бир чоң кызмат үчүн эмес, көптөгөн адамдар мага, менин командам менен программама ишеним артканы үчүн барам. Кыргызстандын эли акылман болгондугуна, аларды коркутуп же сатып салууга мүмкүн эмес экендигине, алар өз тагдырын өзү чечерине ишенгеним үчүн баратам. Мен өмүр бою элим менен бирге болгом, бизди ур-токмокко алганда да, газ менен ууландырганда да, түрмөгө камаганда да элимди таштаган эмесмин. Анткени биздин элдин адилеттүүлүккө болгон аракети менен духун эч качан сындыра алышпасын билем.

Биздин команданын шайлоого бараткан негизги принциптерин дагы бир жолу эске сала кетейин:
Туруктуулукту жана улуттар аралык ынтымакты сактоо;
Өлкөгө темирдей катуу жана адилеттүү тартипти чечкиндүүлүк менен орнотуу;
Өлкөнүн өнүгүүсүнө багытталган экономикалык реформалар.



Шайлоо кампаниясынын жүрүшүндө мага жалган менен саткынчылык, административдик ресурс менен олигархиялык акча бет келди. Бирок бул Кыргызстандагы бизге ишенген миңдеген жарандарга салыштырмалуу майда-барат нерселер. Мен элимдин жан дүйнөсү Кыргызстанда тынчтык менен туруктуулукту, өнүккөн келечекти каалап жатканын көрүп турам жана сезүүдөмүн. Дагы бир жолу кыргызстандыктарга кысым көрсөтүүдөн коркпогула, куру убадаларга алданбагыла, өзүңөрдүн каалооңорго бекем ишенгиле демекчимин. Биз өзүбүздүн мекенибизди эч кимге бербейбиз! Биздин ишибиз акыйкат, жеңиш биз тарапта!

Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкер Сариев Т.А. PR-кызматы тарабынан даярдалды. Бишкек шаары, Манас көчөсү 40. Даярдалган күнү: 29-сентябрь, 2017-жыл. Даанасы 1.
Буйрутма Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкер Сариев Т.А. тарабынан берилди.
Талапкердин каржы маселеси боюнча өкүлү Мусаев Б. тарабынан шайлоо фонду аркылуу төлөндү (р/счет 1299007890000328)

кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан