реклама
Супер-Инфодо жарнама
SUPER.KG порталында жарнама
Реклама в Супер-Инфо
Реклама на SUPER.KG
super.kg logo

Сары-Челек коругунун кызматкери 22 жаштагы турист кыздын кандай жерден кулап, каза болгонун айтып берди (фото)

 

Аксы районундагы Сары-Челек коругунун директорунун орун басары Куштарбек Шабданов SUPER.KG порталына израилдик турист кыздын кандай жерден кулап, каза болгонун айтып берди.

Анын айтымында, 22 жаштагы Хилла Ливне жана жанындагы шериги экөө Кара-Камыш көлүнөн Сары-Челекке келе жатышып, Көтөрмө деген ашуудан жол таппай адашып калышкан.

"Белде жалгыз аяк бир эле жол бар. Эки турист ал жерге келгенде жолдон адашып, 200 метрдей жогору чыгып кетишкен. Алардын бири аскадан секирем деп жатып бутун сындырып алган. Ал эми артында келе жаткан 22 жаштагы кыздын шагылдан буту тайып, сүрүлүп барып аскадан кулап кетсе керек. Анткени ал жерде кармап калчу эч нерсе жок. Аскадан толук түшпөй, орто ченде туруп калган. Ошондуктан аны табуу кыйынга турду. Ал жер оңою менен көрүнбөйт. Алгач аны Сары-Челек коругунун кызматкери Канат Шабданов байкап, орусиялык чыгармачыл топтун дрону менен таап келдик. Андан соң милиция, куткаруучуларга кабар бердик", - деди Куштарбек Шабданов.

Айта кетсек, 23-сентябрь күнү Аксы районуна караштуу Кызыл-Туу айыл аймагында жайгашкан Сары-Челек коругуна Израилдин эки жараны жана Франциянын эки жараны туристтик максатта келишкен.

Израиль өлкөсүнүн жарандарынын бири 1993-жылы туулган Городесен Нафад Едипьия жардан кулап, бутунан жаракат алган. Жабырлануучуга 25-сентябрь күнү Кызыл-Туу айыл аймагынын Аркыт айылындагы туристтерге кызмат көрсөткөн адамдар тарабынан жардам көрсөтүлгөн. Ал эми жанында бирге жүргөн турист кыз 1995-жылы туулган Хилла Ливне белгисиз себептерден улам дайынсыз жоголгон.

Бүгүн түшкө маал кино тартып жүргөн орусиялык чыгармачыл топтун дрону менен Хилла Ливненин жансыз денеси табылган.



 
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 
Комментарийлер(15)
29.09.2017. 18:50 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
240
Катталган:
26-06-2017
Соӊку аракети:
22-10-2017 21:34
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Гульча
+3
Видеосу жокау супер инфо
29.09.2017. 19:00 
Тайпасы:
Конок
Комментарийлердин саны:
27
Катталган:
13-08-2017
Соӊку аракети:
22-10-2017 17:43
Жынысы:
Белгисиз
+8
Жаман болгон экен байкушка.
29.09.2017. 19:02 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
71
Катталган:
02-05-2017
Соӊку аракети:
23-10-2017 01:49
Жынысы:
Белгисиз
+15
Жалко конечно,ото аянычтуу болуп кетти.Ушундай боодо кырсыктан сактасын аллахым.Жаш кыз тура байкуш.Ушундай болуп кетээрин билген эмес да..
29.09.2017. 19:33 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
63
Катталган:
24-12-2016
Соӊку аракети:
23-10-2017 04:27
Жынысы:
Белгисиз
+9
Тобаа денеси болсода табылыптып ушунча күндөн бери жандыктар деле тийбептирда
29.09.2017. 19:39 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1137
Катталган:
04-03-2015
Соӊку аракети:
23-10-2017 08:03
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Эркин Тоо
+4
Жаман болуптур булар менен таанышкам Ысык -Колдо августь айында ошондон бери кетпей журушконбу ээ
zhykyo түзөттү 2017-09-29 19:42:12
29.09.2017. 19:55 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
61
Катталган:
26-09-2016
Соӊку аракети:
23-10-2017 01:04
Жынысы:
Белгисиз
+7
Аябай бийик жерден кулаптыр! Ээх! Жаман болду! Аябай кутуп аттым эле табылып калса деп. Тыыыынч эле Израильде уйундо отура бербейби.
29.09.2017. 20:55 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
389
Катталган:
26-11-2016
Соӊку аракети:
22-10-2017 19:09
Жынысы:
Белгисиз
+3
мен оо тушто эле комментарий жазгам буга бир нерсе болду деп.Сары челек ыйык жер жаман ой менен келгендерди ылгайт.буларды текшерген адам жок неге келгенин.кен байлык изилдешкендир ким билет.не болсо да табылыптыр.башка турисстерге сабак болду
29.09.2017. 21:08 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
684
Катталган:
28-04-2016
Соӊку аракети:
22-10-2017 21:16
Жынысы:
Белгисиз
+19
Биздин ОКМде тик учак жокпу же ошол дрон жокпу уят эле.Ошол оруссиялык жарандар кино тартышканы кебегенде биздикилер азырга ч-н таашыалбайт эле экен.
29.09.2017. 22:36 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
58
Катталган:
31-07-2014
Соӊку аракети:
23-10-2017 04:02
Жынысы:
Белгисиз
0
KGstan1981,Ошол дрон 100,000рубль турат,
29.09.2017. 21:35 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
10
Катталган:
03-03-2017
Соӊку аракети:
23-10-2017 01:38
Жынысы:
Белгисиз
+9
Ээк байкуш кыз...боорум ооруп кетти.(((
29.09.2017. 22:34 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
120
Катталган:
14-11-2015
Соӊку аракети:
23-10-2017 02:36
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ичим ачышып кетти ((((
29.09.2017. 23:19 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
33
Катталган:
16-11-2016
Соӊку аракети:
19-10-2017 02:00
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
бишкек
+2
Жаман кырсык болуптур Эх Аллахым жайын жанатан кылсын
30.09.2017. 02:14 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
7
Катталган:
13-11-2016
Соӊку аракети:
22-10-2017 16:45
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жер кором деп жашоо кош айтышып кетти
30.09.2017. 10:17 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
35
Катталган:
24-10-2015
Соӊку аракети:
23-10-2017 07:20
Жынысы:
Белгисиз
+4
Озунчо эле ыйык жер деп алыптыр го бироо Чубак ажылар какшап эле атат го аллага ширк келтирбегиле кечирилгис куноо деп жон гана кооз жер деш керек.
30.09.2017. 13:18 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
218
Катталган:
23-02-2017
Соӊку аракети:
22-10-2017 23:36
Жынысы:
Белгисиз
-1
Uzakova.Z.A,ыйык жерда болот.маанисин тушунгуло туугандар.ар бир жердин ээси болот. Мумкун жактырбагандыр
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарга кирди:

Кабарлардын саны:
96079;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2017 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
0,33223414421082