Темир Сариев өлкөдөгү кырдаал боюнча чукул кайрылуу жасады

- Урматтуу кыргызстандыктар!

Шайлоо кампаниясына байланыштуу чечкиндүүлүк менен реакция жасай турган айрым фактылар боюнча өзүмдүн позициямды билдиргим келет.

Биринчиден, улуттар аралык ынтымак боюнча. Азыр көрүп жатам, айрым талапкерлер жана алардын тарапташтары оюн кылышууда. Алар өздөрүнүн жеке амбицияларын мамлекеттин кызыкчылыгынан, элдин биримдигинен жогору коюп жатышат!

Элдин кызыкчылыгы менен ойногонго болбойт. Шайлоочулар менен талапкерлерди улутуна карата бөлгөнгө жол жок! Туура эмес жерде чындыкка дал келбеген курулай сөздөрдү айтуудан чоң зыян келип калышы мүмкүн. Андыктан мен бардык талапкерлерди өлкөдөгү улуттар аралык мамилеге доо кетире турган аракеттерди токтотууга чакырам жана талап кылам.

Экинчиден, диний ишенимди саясий максатта колдонбошубуз керек. Шайлоонун үгүт иштерине диний өкүлдөрдүн аралашканы мыйзамсыз! Динди саясатка колдонуу коомчулукта бөлүнүп-жарылууга алып келиши мүмкүн. Бул диндин өзүнө да коркунуч алып келет. Бардык талапкерлер мыйзамдарды так сактоо менен диний ишмерлерди үгүт иштеринен колдонбошу керек!

Үчүнчүдөн, бийликтин саясатчылары бардыгы тең эле чынчыл, таза шайлоону айтып, талап кылышат. Келгиле, өзүбүздү өзүбүз алдоону токтотобуз! Айрым талапкерлердин өздөрүнүн штабы мыйзамды одоно бузуп жатышат! Алар шайлоочуларды коркутуп же сатып алууга аракеттенип, административдик ресурсту ашыгы менен колдонушууда. Криминалдарды активдештирип, ошону менен шайлоочуларды сестенүүгө чейин барышууда.

Төртүнчүдөн, акыркы учурлардагы кимдир бирөөлөрдүн массалык баш аламандыкты, ал тургай аз эле жерден мамлекеттик төңкөрүш уюштурганы же уюштурууга аракет кылып жатканы тууралуу маалыматтар менин кыжырымды келтирди. Эгер бул фактылар тастыкталса, анда элдин тагдыры менен ойноп, зордук менен кан төгүүгө даяр болгондорду чечкиндүүлүк менен жазалоо керек. Бирок кандай гана факты болбосун объективдүү түрдө текшерилип, ачык-айкын жана мыйзам чегинде тергелиши керек.

Мен шайлоо алдындагы өз үгүт иштеримди олуттуу түрдө мыйзамга ылайык жүргүзөм жана дайыма Кыргызстандын элинин кызыкчылыгы үчүн бекем турам. Азыр баарыбыз үчүн эң башкысы - мыйзамды жана мамлекеттеги туруктуулукту сактоо болуп саналат. Кыргызстандын президенти ким болорун чыныгы бийликтин булагы - эл гана чечет!

Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкер Т.А.Сариевдин PR-кызматы тарабынан даярдалды.
Дареги: Бишкек ш, пр.Манас, 40. Даярдалган күнү: 2.10.2017. Нускасы: 1 даана.
Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкер Т.А.Сариевдин буйругу менен шайлоо фондунан (р/с 1299007890000328) каржы иштери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Б.Мусаев тарабынан төлөндү.

кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан