Европарламент Каталонияда өткөн референдум боюнча дебат өткөрөт

Европарламент Каталониядагы референдум боюнча дебат өткөргөнү жатат. Дебат 4-октябрда Страсбургда пленардык сессиянын алкагында өтөрүн тийиштүү өкүлдөргө шилтеме кылып чет элдик ММКлар жарыялашты.

Дебат өткөрүү демилгеси Европарламентте көпчүлүк депутаттардын колдоосуна алынган. Депутаттар Каталониянын көз карандысыздыгы үчүн өткөн референдумда күч колдонуу фактысын талкуулашары күтүлүүдө.

Белгилей кетсек, Каталониянын көз карандысыздыгы үчүн референдум 1-октябрда өткөн. Испания бийлиги референдумду болтурбоого аракет кылганы маалымдалып жаткан. Добуш берүү күнү испан полициясы менен каталониялык жашоочулардын ортосунда кагылышуулар орун алып, акыркы маалыматтарга ылайык, кагылышуудан жаракат алгандардын саны миӊден ашты.

Каталония өкмөтүнүн башчысы Карлес Пучдемондун билдиришинче, каталониялыктар көз карандысыздык үчүн өзүнүн көздөгөнүнө жетти, жакында референдумдун жыйынтыгы Каталония парламентине жиберилет. Парламент референдум жыйынтыгы боюнча чечим кабыл алары күтүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан