Премьер-министр Талантбек Исаевдин отставкасын кабыл алды

ИИМдин Күзөт башкармалыгынын башчысы, генерал Талантбек Исаев ээлеген кызматынан бошотулду. Тиешелүү жарлыкка премьер-министр Сапар Исаков кол койгонун өкмөттөн билдиришти.

Маалым болгондой, Талантбек Исаевдин ордуна Улан Асанов дайындалды.

Айта кетсек, Талантбек Исаев "бийликти күч менен басып алууга аракеттенген" деген шек менен 30-ноябрга чейин УКМКнын тергөө абагына камакка алынган Жогорку Кеңештин депутаты Канат Исаевдин бир тууган агасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан