O!Store'до эң популярдуу смартфондордун бири - Huawei P10 насыяга

O!STORE'ДО ЭҢ ПОПУЛЯРДУУ СМАРТФОНДОРДУН БИРИ - HUAWEI P10 НАСЫЯГА

О!Store дүкөндөрүнүн түйүнү ар кандай табит менен кирешеге ылайыктуу эң популярдуу жана оригиналдуу смартфондорду насыяга сатып алууну сунуштайт! Интернет-дүкөнүнүн ostore.kg сайтына кирүү менен Сиз кайсыны ала тургандыгыңызды тандай аласыз, азырынча биз дүкөндүн сатуучулары менен бүгүн сатыкка сунуштап жаткан смартфон тууралуу баарлашууну чечтик. Ал смартфон – айына 3478 сомдон минималдык төлөм менен 12 айга насыяга сатып алууга мүмкүн болгон Huawei смартфондорунун моделдик катарынын башында турган Р10 белгилүү стилдеги модели болуп калды.

Huawei маркасынын дал ушул моделинин эмне өзгөчөлүгү бар?

Эң башкысы, Huawei P10 моделинин Apple компаниясынын моделдерине абдан окшош болгондугунда. Бул смартфондун Барселонадагы расмий бет ачарында “Huawei жаңы iPhone смартфонун сунуштады” деп тамашалашкан эле. Бул жакшыбы же анча эмеспи – аны силер таразалайсыңар. O!Store дүкөндөрүнө келиңиздер, смартфондорду бири-бирине салыштырыңыздар жана өз чечимиңиздерди чыгарыңыздар.

Өндүрүмдүүлүгү

4 ГБ оперативдүү эс тутум жана 32 ГБ ички эс тутуму болгондуктан оюндар тим эле учат, каалаган тиркемелер токтоосуз иштейт. Huawei P10 эң кубаттуу мобилдик платформанын бири – бир кристалдуу Kirin 960 HiSilicon платформасында иштейт.

Кайталангыс сүрөттөрдү тартса болобу?

Кайталангыс дейсизби? Андан да ашып түшөт! 8 мегапикселдүү «Селфи»-камера — смартфондордун алдынкы панелдеринде жолуктуруучу эң мыкты камералардын бири. 12 жана 20 мегапикселдүү эки арткы камера орнотулган, ал эмес эки эсе чоңойтуучу оптикалык зум бар. Дүйнөдөгү премиум-класстагы фототехниканын алдынкы өндүрүшчүсү Leica фирмасынын камералары тарткандыктан, сүрөттөр мукабадагыдай кепилдикте чыгат.

Тыянак

Смартфондун толук мүнөздөмөсү менен биздин ostore.kg сайтыбызда жайгашкан видеосереп аркылуу таанышсаңыз болот. Эгер эки сөз менен түшүндүрүү керек болсо, Huawei P10 – бул ичине кубаттуу көп нерсени сыйдырган жана бармак издеринин сканери бар, көрктүү, чакан жана ичке флагман болуп саналат. Бул серептин каарманынын экраны, добушу, коммуникациялык мүмкүнчүлүктөрү - эң мыкты, жаңы кубаттуу жана үнөмдүү аппараттык платформасы, сүрөткө, видеого тартуу сапаты жагынан эң сонун камерасы бар.

Кайдан сатып алса болот?

Бул жана башка смартфондорду, ошондой эле мобилдик аксессуарларды сатып алуу үчүн баарыңыздарды O!Store дүкөндөрүбүзгө чакырабыз. Даректерин www.o.kg сайты аркылуу билсе болот. Каалаган девайсты сатып алганыңызда, “О!го которул” тарифтик планындагы байланыш кызматына 50% жеңилдик аласыз. Эки гана документ: паспорт жана айлык акы тууралуу маалымкат колуңузда болсо, насыя максималдуу тез мөөнөттө таризделет. Буга кошумча, смартфондорго 1 жылга кепилдик тейлөө көрсөтүлөт. Сиз азыр эле үйүңүздөн же иш кеңсеңизден чыкпай туруп, O!Store интернет-дүкөнүнүн сайты же 0705 007 000 (О! абоненттери үчүн чалуу акысыз) телефону аркылуу тапшырык бере аласыз.

O!Store – сиздин бактылуу буюмуңуз!


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Syn4y
2017-10-03 13:41:28
sliwkom kymbat
0
Ulanbek1992
2017-10-03 16:29:31
Эң соонун смартфон) Советую....
+1
Kaninaiman
2017-10-04 10:53:54
Хуавей жакшыбы кайсы модели совет бергилечи жана арзаныраагын
0
Tyty1990
2017-10-04 11:56:59
Kaninaiman,ю 3
0
ZHYRGAL.balalaika
2017-10-04 12:49:56
Режим 4х
0
Isco23
2017-10-04 13:00:42
Y3 сонун тлф экен арзан даны 4g бар
+1
Kaninaiman
2017-10-04 18:34:03
Рахмат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан