Жеңишке бирге! Талас тандап, Темир Сариевди тандады!

Кыргызстандын президенттигине талапкер Темир Сариев Талас облусундагы шайлоочулары менен жолугушуп, калың элге өзүнүн шайлоо алдындагы программасын тааныштырып кайтты. Анын абдан кыска, бирок маанилүү, жөнөкөй бирок аткарууга реалдуу программасын уккан көпчүлүк бир добуштан Темир Сариевди колдошорун айтып, колдоп-коштоп турушту.

“Урматтуу кыргыз элинин уюткусу таластык туугандар! Кооз программалар көп, тилинен чаң чыккан чечен талапкерлер арбын. Бирок ошол программаны ким так аткара алат? Келген башчынын өзүндө өзөгү болсо, мүнөзүндө чечкиндүү кайраты болсо, талапты коё алса, эли-жерин сүйсө, иш тажрыйбасы менен билими жетиштүү болсо ошол адам аткара алат. Кудай буюрса, сиздер колдосоңуздар, мен күчтүү президент болуп берем. Алты жылда чыркыратып чындыкты айтам, темирдей тартип, катуу талапты коём. Калыс, тең карайм, элдин кызыкчылыгы үчүн эч нерседен коркпойм, бир партиянын эмес, бир топтун эмес, бир үй-бүлөнүн эмес, жалпы элдин, ар бириңиздердин президентиңер болуп берем! Мен премьер-министр болуп турганда баштаган экономикалык программамды улантам. Ал жыл сайын өлкө боюнча 100дөн кем эмес орто жана ири ишканаларды ачып, 50 миңдей тургунду иш менен камсыздоо. Аймактардын ички жолдорун оңдоо, суу системаларын жаңыртуу, дыйкан-фермерлер менен кайра иштетүүчүлөр ортосундагы байланышты чыңдап, күрөөсүз, үстөк пайызы төмөн насыяларды көп жылдарга берүү. Ошондо сиздер базарларда, күн сайын жалданып иштеген жумуштардан кутулуп, эртең менен күлүп-жайнап ишке чыгып, кечинде кубанып келип, ай сайын 15-20 миң сом маяна алып, эч кимдин көзүн карабайсыздар. Мен сөздүн эмес, иштин адамымын, мен буларды сөзсүз жасайм. Менин премьерликтен кетишим чоң оюн болгон. Эмне үчүн? “Сариевдин басыгы катуу кетип баратат, тың экен, тартынбайт экен, чечкиндүү экен, эл колдоп кетет” деп коркуп кетишкен. Демек, программаны аткарууга менин эрким да, акылым да жетет!” - дейт Темир Сариев.

“Темир Сариев агамды 2006-жылдан бери таанып, саясаттагы позициясы, багыты, эл үчүн иштеген мекенчилдиги үчүн сыйлап келем. Бүгүн бизге таза, руханий жактан бай, чечкиндүү лидер керек. Темир Сариев мына дал ошол талапкер. Анын кыргыз элине жасаган опол тоодой иштерин санап отурсак убакыт жетпейт. Жолдорду салды, ишканаларды ачты, фонддорду түздү, башкалардын колунда турган маанилүү стратегиялык объектилерибизди кайтарып берди. Ага айрым саясатчылар Султан Ибраимов менен Насирдин Исановдон кийинки эле мыкты иштеген, стратег, өкмөт башчы катары сыпатташканын да укканбыз. Анын күчтүү командасы жана өзүнүн эрки кыйналып турган Кыргызстанды өнүгүү жолуна салып кетүүгө жетет. Биз, Талас жаштары добушубузду сатпай, өзүбүздү арзыбаган акчага баалап, келечектин алдында наалатка калбай Темир Сариевди шайлайбыз!” - деди таластык жигит Турсунбек Бейшенбеков.

Ал эми жалпы Талас элинин атынан чыккан Эгемберди Чойбеков “Темир Сариевди кээде биз Таластын кулуну, өзүбүздүн балабыз деп калабыз. Анткени сиз Кыргызстандын ар бир дубаны үчүн жан сабап иштеп, элди аралап, маселелерди жеринде чечкен ишенимдүү лидерсиз. Талас эли Темир Сариев менен бирге! 15-октябрда сизди президенттик кызматтан көрөлү” деп батасын берди.

Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкер Т.А.Сариевдин PR-кызматы тарабынан даярдалды.
Дареги: Бишкек ш, пр.Манас, 40. Даярдалган күнү: 3.10.2017. Нускасы: 1 даана.
Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкер Т.А.Сариевдин буйругу менен шайлоо фондунан (р/с 1299007890000328) каржы иштери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Б.Мусаев тарабынан төлөндү.

кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан