КТРКда президенттикке талапкерлер Бекназаров менен Мадумаровдун катышуусунда дебат өтүүдө

Бүгүн, 3-октябрда КТРКда президенттикке талапкерлердин дебаты башталды. Дебат президенттикке талапкерлер Азимбек Бекназаров менен Адахан Мадумаровдун катышуусунда өтүүдө.

Борбордук шайлоо комиссиясында өткөн чүчү кулак тартуу боюнча бүгүнкү дебатка Камчыбек Ташиев жана Бакыт Төрөбаев да катышмак. Ташиев талапкерлигин алуу боюнча арыз жазып, БШК анын арызын канааттандырган. Ал эми Төрөбаев болсо КТРКдан берилген “Төрөбаевдин үгүтчүлөрү шайлоочуларды сатып алууда” деген аталыштагы материалдан улам телеканалга бойкот жарыялаган. Андан кийин дебатка чыгуу ниетин билдирген. Бирок аталган корпорациянын жетекчиси Илим Карыпбеков Төрөбаевди дебатка катыштырууга техникалык жактан мүмкүн эмес экенин билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан