Кыргыздан электр энергиясын экспорттоочу "CASA-1000" долбоору боюнча Дубайда сүйлөшүү жүрдү

Дубайда 1-октябрда "CASA-1000" долбоору боюнча Кыргыз мамлекети, Ооганстан, Пакистан жана Тажикстандын өкмөттөр аралык кеӊешинин өкүлдөрүнүн жолугушуусу өттү.

Жолугушууда тараптар долбоорду ишке ашырууну жандантуу зарылдыгын белгилешти. 2017-жылдын июлунда өлкө башчылардын Тажикстанда өткөн жолугушуусунда долбоорду ишке ашыруу боюнча өкмөттөр аралык кеӊештин алдына тапшырмалар коюлганы, курулуш иштерин тездетүү керектиги айтылганын эске салышты. Жыйынтыгында атайын документке кол коюлду, анда долбоорго катышкан мамлекеттердин өкүлдөрү долбоор боюнча Ооганстандын аймагындагы курулушка карата уюштурулган тендерди өттү деп бекитишкени белгилүү болду.

Маалыматты Тажикстандын ММКлары жарыялашты.

"CASA-1000" - Кыргыз мамлекети, Тажикстан, Пакистан жана Ооганстан биргеликте ишке ашырууну көздөгөн долбоор. Долбоорду курууга 1,17 миллиард доллар жумшалса, Кыргыз мамлекети эл аралык каржы уюмдары тарабынан берилүүчү 233 миллион доллар каражат жумшайт. Долбоор ишке ашса Кыргыз Республикасы менен Тажикстан жай айларында Ооганстан менен Пакистанга электр энергиясын экспорттойт.

Кыргыз тарап долбоордун алкагында 325 чакырымга электр чубалгыларын тартуу, тийиштүү жабдыктар менен камсыздоо үчүн 2017-жылдын август айында тендер жарыялаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан