Равшан Жээнбеков: “Дүйнөлүк мамлекеттерде дин саясатка аралашпайт деп так аныкталган”

“Жакшы мамлекет курабыз дегендер мамлекеттик институттарды адилеттүү кылганга аракет кылат”, - деди бүгүн, 4-октябрда "Дин, сөз эркиндиги, шайлоо" деген аталышта өтүп жаткан жыйында мурдагы депутат Равшан Жээнбеков.

Анын айтымында, динди алдыга койгон мамлекет чоң ийгиликке жеткен эмес.

“Дин маселесине абайлап мамиле жасоо керек. Ар бир адамдын каалаган динди карманууга укугу бар. Аны биз сыйлашыбыз керек. Бул баарыбыз үчүн так эреже болушу шарт. Эрежени буза турган болсок, анда мамлекетте чатак башталат. Ата-бабаларыбыз кайсы динди тутканы маанилүү эмес. Адам кайсы динди тута турганын өзү чечиши керек. Дүйнөлүк мамлекеттерде дин саясатка аралашпайт деп так аныкталган”, - деди экс-депутат.

Жээнбеков жакшы жашагысы келген мамлекеттер адилеттүү институттарды курууга аракет кыларын айтат. “Буларга сот, прокуратура, Жогорку Кеңеш, өкмөт кирет. Эгерде мамлекеттик институттарды так жана адилеттүү кура турган болсок, дин же башка маселелерде конфликт чыкпайт. Өлкөнүн экономикасы, маданияты, каада-салты өнүгөт”, - деп билдирди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан