Адил Турдукулов: "Башкы прокуратура Дүйшөнбек Зилалиевге кылмыш ишин козгобой турган болду"

Буга чейин жарандык активист Адил Турдукулов вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев президенттикке талапкердин бирине элди үгүттөгөнү боюнча Башкы прокуратурага арыз менен кайрылган.

Турдукулов бүгүн, 4-октябрда SUPER.KG порталына билдиргендей, Башкы прокуратура бул маселе боюнча жооп узатты.

"Жоопто Борбордук шайлоо комиссиясы чечим чыгаргандан кийин Башкы прокуратура чечим чыгара албай турганын айтышкан. Бул мыйзам нугунда жазылган кат эмес. Анткени БШК Зилалиевге карата эч кандай чечим чыгарган эмес. Жөн гана өкмөткө чара көрүү сунушун жиберген. Премьер-министр чара көргөн жок. Бул жерде бири-бирине шылтап, мыйзам одоно бузулуп жатканын көрүшкөн жок. Бул шайлоо легитимдүүлүгүнө шек келтирет", - деп билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан