Өзбекстан парламенти бүгүн, 4-октябрда "Кыргыз Республикасы менен Өзбекстандын ортосундагы Кыргыз-Өзбек мамлекеттик чек арасы тууралуу келишимди ратификациялоо жөнүндө" мыйзамды карап, жактырды.
"Аталган документ Өзбекстан президенти Шавкат Мирзийоевдин сентябрь айында Кыргыз Республикасына жасаган мамлекеттик сапарында кол коюлган Кыргыз-Өзбек мамлекеттик чек арасы жөнүндө келишимди ишке ашыруу максатында иштелип чыккан", - деп белгиленет Өзбекстан ММКлары жазган маалыматта.
Коӊшу өлкөнүн маалымат каражаттары бул мыйзамды "тарыхый документ" деп аташты.
Ал эми аталган келишимди Жогорку Кеӊеш 28-сентябрда ратификациялап, мыйзамга президент Алмазбек Атамбаев 2-октябрда кол койду. Макулдашуунун максаты - Кыргыз-Өзбек ортосундагы мамлекеттик чек ара сызыгын аныктоо жана тактоо. Эки өлкөнүн расмий өкүлдөрү Кыргыз-Өзбек чек арасынын 85 пайызы такталып бүткөнүн, калган 15 пайызы боюнча сүйлөшүү уланып жатканын билдиришүүдө.