Жогорку Кеңештин депутаты Нургазы Нишанов Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин алдындагы "Кыргызжылуулукэнерго" ишканасынын башкы директору болуп дайындалды. Тийиштүү буйрукка өкмөт башчы Сапар Исаков бүгүн, 4-октябрда кол койгонун өкмөттүк аппараттан кабарлашты.
Нургазы Нишанов 2015-жылы 32 жашында Жогорку Кеңешке "Республика-Ата Журт" партиясынын тизмеси менен депутат болуп келген. Бүгүн Борбордук шайлоо комиссиясы анын депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурун токтотуу боюнча арызын карамакчы.