Бабанов Жээнбековго "сенсиребей сүйлөңүз" деп эскертти

Бүгүн, 4-октябрда КТРКда президенттикке талапкерлердин катышуусундагы теледебат уланууда. Бүгүнкү дебатка Өмүрбек Бабанов, Токтайым Үмөталиева, Сооронбай Жээнбеков, Арстанбек Абдылдаев катышууда.

Талкууда Өмүрбек Бабанов талапкер Жээнбековго: "Сиз программаңызда коррупция жөнүндө айтпайсыз" деген суроо узатып, Жээнбековду чечкинсиз, эрксиз деп сындады.

Бул сын Сооронбай Жээнбековду кызуулантты. "Өмүрбек, каратып туруп калп айтып жатасың. Дароо эле мени жаманатты кылгың келүүдө. Минтип айтпашың керек эле, эми мен да айтам. Менин да сага 25 суроом бар, аны сага кийин берем. Коррупция боюнча ишти сенден баштайм. Бетиң болсо, фонддон өзүңө (Кыргыз-Орусия өнүктүрүү фонду) 4 пайыздан 17 миллион доллар акча алат белең? Андай элге күйсөң, ошол акчаны элге 7 пайыздык кредит кылып бербейт белең. Өмүрбек иним, сен айткан калптар мага жукпайт", - деди Жээнбеков.

Мындан кийин Бабанов "президенттикке талапкер болуп баратабыз. Сиз деп сүйлөп, бири-бирибизди урматтайлы. Мен сизди коррупционер деген жокмун, алар тууралуу айтпай жатасыз дедим" деген жооп узатып, Жээнбековду дагы бир ирет чечкинсиздикке күнөөлөдү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан