Бабанов дебаттагы атаандашына чабуулду улантууда

Бүгүн, 4-октябрда КТРКда президенттикке талапкерлердин катышуусунда теледебат өтүүдө. Бүгүнкү дебатка Өмүрбек Бабанов, Токтайым Үмөталиева, Сооронбай Жээнбеков, Арстанбек Абдылдаев катышууда.

Талкуу жандуу маанайда уланып жатат.

Бабанов атаандашы Сооронбай Жээнбековго чабуул жасоону улантууда. "Жээнбеков президент боло электе эле "куугунтуктайм, камайм" деп жатат. Мен президент болуп калсам бир да ишкерди куугунтуктабайм", - деди. Жооп кайтарууга Жээнбековдо убакыт жок эле.

Арстанбек Абдылдаев ааламдан белги келип жатканын, Кыргыз мамлекети түп тамырынан жаңыланып дүйнөнү кыйынчылыктан сактап каларын айтат.

Токтайым Үмөталиева өлкөдө үй-бүлө институтун бекемдеп, аялдардын коомдогу ордун жогорулатуу керек дегенге басым жасоодо.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан