Жээнбеков Бабановго: "Коррупция менен күрөштү сенден баштайм"

Бүгүн, 4-октябрда КТРКда президенттикке талапкерлер Өмүрбек Бабанов, Токтайым Үмөталиева, Сооронбай Жээнбеков, Арстанбек Абдылдаевдин катышуусунда дебат өтүүдө.

Бабановго билим берүү тармагы боюнча суроо берилип, талапкер бул суроого буга чейин жооп бергенин белгиледи.

"Мен билим берүү тууралуу жетиштүү эле айттым. Мен президентке кайрылуу жасагым келет, анткени КТРК дайыма мени каралап жатат. Алмаз Шаршенович, дебатты көрүп отурсаңыз керек. Сол жагыңызда досуңуз, оң жагыңызда иниңиз турат. Бүгүн КТРКдан видеону көрдүм, сиз оппозицияда жүргөндө сизди кандай караласа, бүгүн мени да каралоо жүрүүдө. 340 миң адам кошумча тизмеге кирди. Административдик ресурска жол берилбеши керек. Шайлоону таза өткөрүү сиздин колуңузда", - деди Бабанов.

Сооронбай Жээнбеков талапкер Бабановду калыс болууга чакырды.

"Өмүрбек, калыс сүйлө. Мурдагы шайлоолор менен азыркы шайлоолорду салыштыр. 2009-жылдары имарат беришпей, көчөдө чогулуш өткөрчүбүз. Өлкөдө 30 гана баннерге орун берчү. Азыр бир эле айылда сенин 30 баннериң илинип турат. Теледен, гезиттен эң көп сенин жарнамаң кетип жатат. Кайсы административдик ресурс? Эң коркунучтуусу шайлоого сырттан келген акчаларды колдонуу, добуш сатып алуу. Бүгүн мени жаманатты кылууга аракет кылдың. Билесиң, сага дайым сен деп кайрылам. Инимсиң, сени балапан кезиңден билем. Коррупция менен мен күрөшө алам, анткени тазамын. Ал эми сен коррупция менен күрөшө албайсың. Көп нерсеге батып калгансың. Мен коррупция менен күрөштү сенден баштайм. Сага 25 суроом бар, ага сен бир күндө эмес, айлап-жылдап жооп бересиң. Мен билген 35тей коррупционер бар. Аларды төлөтүп, мугалимдердин айлыгын көтөрөбүз. Ким, кантип байыганын мен жакшы билем", - деди Жээнбеков.

Бабанов дагы бир жолу Жээнбековду адамды сыйлоого чакырды.

"Бири-бирибизди урматтайлы. Бакиевдер куугунтуктап менден эч нерсе тапкан эмес, Жээнбековдор таба албайт. Мен сизге балапан болгон эмесмин. Мени коркутуп, үркүтчү сиз эмес", - дейт Бабанов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан