Президенттикке талапкерлер паспорттон "улуту" деген графанын алынышы боюнча позицияларын айтышты

Бүгүн, 4-октябрда КТРКда президенттикке талапкерлер Өмүрбек Бабанов, Токтайым Үмөталиева, Сооронбай Жээнбеков, Арстанбек Абдылдаевдин катышуусунда дебат өтүүдө.

Талапкерлерге "Кыргыз паспортунан "улуту" деген графанын алынышын кандай деп ойлойсуз" деген суроо берилди.

"Мен паспортумда "кыргыз" деп улутум көрсөтүлүп турушун каалайм. Биз улутубуз, мамлекетибиз менен сыймыктанышыбыз керек. Ал эми ким паспортто улутун көрсөткүсү келбесе, бул алардын өз иши", - деди Бабанов.

Талапкерлер Арстанбек Абдылдаев менен Токтайым Үмөталиева дагы паспорттон "улуту" деген графаны алып коюу туура эместигин айтышты.

Ал эми Сооронбай Жээнбеков паспорттон "улуту"деген графанын алынышы туура экенин, бул өлкөдөгү ынтымак үчүн керек экенин белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан