Бүгүн, 4-октябрда КТРКда президенттикке талапкерлер Өмүрбек Бабанов, Токтайым Үмөталиева, Сооронбай Жээнбеков, Арстанбек Абдылдаевдин катышуусунда дебат өтүүдө.
Талапкерлерден "Кумтөр" маселесин кантип чечерин сурашты.
Бабанов: "Мен Бакиевдин тушунда берилип кеткен "Кумтөрдөгү" 16 миң гектар жерди мамлекетке кайтардым. Президент болуп калсам, "Кумтөр" маселесин чечип берем", - деди.
Үмөталиева: "Бул маселени саясатчылар эмес, күчтүү юристтер курамына кирген комиссия чечиши керек", - деп билдирди.
Жээнбеков: "Бул маселе 15 жылдан бери көтөрүлүп келе жатат. "Кумтөр" экономикалык маселе. Чечсе болот", - деген жооп узатты.
Абдылдаевде жооп берүүгө ашыкча убактысы жок эле.
Теледебат бүттү.