Алмазбек Атамбаевдин Ташкенттеги мамлекеттик сапары башталды (фото)

Кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 5-октябрда мамлекеттик иш сапары менен Өзбекстанга барды. Аны аэропорттон президент Шавкат Мирзийоев, Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов, Ташкент шаарынын мэри жана башкалар тосуп алышты.

Ардактуу кароол тизилип, өлкөлөрдүн мамлекеттик гимни жаӊырды. Андан соӊ Ташкенттеги "Көз карандысыздык жана гумандуулук" монументине барып гүл коюшту.

"Шавкат Мирзийоевдин жетекчилиги астында Өзбекстан ири өзгөрүүлөрдүн жолунда баратат. Көз карандысыздык аянты өзүнүн архитектуралык өзгөчөлүгү, тереӊ мааниси менен ушул жогорку өнүгүүнү айгинелеп турат. "Эркиндик жана гумандуулук" монументи Өзбекстан тандаган көз карандысыз өнүгүү жолун пропагандалоодо маанилүү орунду ээлейт", - деди Атамбаев.

Өлкө жетекчинин сапары 2 күнгө созулуп, анда Атамбаев Ташкентте өтүүчү кыргыз-өзбек өндүрүүчүлөрү чыгарган товарлардын көргөзмөсүнө катышат. Ошондой эле Кыргыз-Өзбек мамлекеттик чек арасын тактоо, суу маселелери боюнча Өзбекстан лидери Шавкат Мирзийоев менен пикир алышат. Аталган маселелер боюнча жаӊы келишимдер түзүлүшү мүмкүн экенин буга чейин Өзбекстандын расмий өкүлдөрү билдиришкен.

Алмазбек Атамбаевдин Ташкентке сапары Өзбекстан президентинин Бишкектеги сапарынан туура 1 айдан кийин жасалууда.


кошулду
Алмазбек Атамбаевдин Ташкенттеги мамлекеттик сапары башталды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан