ЭЛДИК ВИДЕО: Ырчы Клара Алибековага ким кол салды? Ырчы окуя тууралуу айтып берди

"Медиа-порталдын" "Элдик видео" бөлүмүнө "Клара Алибековага ким кол салды?" аталышындагы видео жүктөлгөн (Ник: I_Love_danse).

Видеодон ырчы Клара Алибекованын укук коргоо органдарына ага кол салуу болгондугун айтып берип жатканын көрүүгө болот. Ошондой эле андагы кызматкерлердин бири ырчыга "Крышаң кетип калган жок беле?" деген суроо узаткан.

Окуя тууралуу ырчы SUPER.KG порталына айтып берди. Анын айтымында, ушул жылдын 27-сентябрь күнү кечинде дүкөндөн келе жаткан мезгилде ага мас абалдагы белгисиз адам кол салып, зордуктоого аракет жасаган.

"Мен дүкөндөн чыгып бараткан болчумун, бир маалда артымдан бирөө келип мени муунта баштады. Кайрылып карасам мас, бейтааныш адам экен. Ал мени муунтуп, зордуктоого аракет жасады. Жардам сурап кыйкыра турган болсом же каршылык көрсөтсөм өлтүрө тургандыгын айтты", - дейт Алибекова.

Ал белгилегендей, бул учурда алыс эмес жерде милиция кызматкерлеринин унаасы токтоп турганын көрүп калып жардам сурап кыйкырып, аларды көздөй чуркаган. Ошол кезде зордуктоо аракетин көргөн адам качып кеткен.

"Мен абдан нес абалда болчумун. Милиция кызматкерлеринин унаасына отуруп абалды айтып берип, зордуктоого аракет жасаган адамды алыс качып кете электе кармагыла деп сурандым. Укук коргоо органдарынын кызматкерлери анын артынан түшкөндүн ордуна менин абалымды шылдыңдап, ар кандай орунсуз суроолорду берип жатышты. Анысы аз келгенсип түн ичинде жолдун боюна унаадан түртүп түшүрүп коюшту. Айрымдары мени мас деп ойлоп жатышат, бирок мен ичкен эмесмин. Мас эмес болчумун. Чын, корккондон абалды толук түшүндүрүп бере албай жаттым. Атүгүл алар мени видеого тартып жатканын да байкаган эмесмин. Ошондогу коркуу сезимдерин, абалымды сөз менен жеткирип айтып бере албайм", - деди ал.

Ырчы ага кол салуу болгондугу тууралуу жана жардам сурап кайрылган кезде зордуктоого аракет кылган адамды кармоонун ордуна аны видеого тартып, шылдыңдап, ал видеону интернетке жүктөгөн милиция кызматкерлеринин үстүнөн арыз жаза тургандыгын кошумчалады.

Видеону көрүү үчүн бул жерди басыңыз.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (47)
aziatka0225
2017-10-06 12:34:50
Ичсе ичет да. Эмне ал деле катардагы адам да. Мас абалдабы, сообу, укук коргоо кызматкерлери озунун жумушун аткаруу керек болчу.
+16
dinikyz
2017-10-06 12:55:12
Аябай шок болуп калыптыр мас эмес тиги милицияларды жок кылыш керек ушинтип тамаша кылып аны тартып интернетке жайып кандай пайда тапты экен
+20
Nurkyz1977
2017-10-06 12:55:44
Байкуш адам жабыркап жатат,жардам сурап жатат,наадан милициялардын кылганын кара бул кыз эки жолу жабыркады,биринчи зоокурдон,экинчи мени коргоп сактайт деген биз ишенген милициялардан. Кечинде копчулук адамдар журот кочодо кор оокаттын айынан,баарын эле баса калып жулмалай берсе болобу,ошондо жабыр тарткан адам куноолубу. Жырткыч эки аяктуу зоокурлордун кылган иши туурабы? Ансыз да ызаланып аран турган адамга жакшы соз айтып жылуу пикиринер менен болсо да колдоо корсотуп койгулачы сураныч.
+20
Nurkyz1977
2017-10-06 13:06:22
Клара аял заты кучтуу жана сабырдуу сабыр кылып ар дайым алдыны ойлонуп балана туура тарбия берип бактылуу эне бол. Ишине ийгилик жашооно береке ар дайым туура жолунан адашпа Жаратканым озу колдосун! Видеого тарткан милициялар жооп бериши керек,урматтуу супер инфонун жамааты силер жалпы карапайым элдин уну жана жузусунор,силерден сураныч ушул ишке маани берип милициялардын кылган ишине кызыгып сурап ким экенин силер да элге жарыя кылгылачы,коргогондун ордуна кордоп отурушса надандар иштен кетсин
+16
admin_superstan
2017-10-06 14:17:44
Nurkyz1977, саламатсызбы! Сунушуңузга рахмат, эске алабыз.
+9
Ma9
2017-10-06 13:15:50
уят эмеспи эркек башынар менен алсыз адамды шылдын кылгандан ХХХХ силерди кудай жазаласын ишчилерди жумуштан алсын эмне жумуш убагында адамдарды шылдын кылып видого тарткыла дегенби силерге шылдын кылыш учун акча толоп атабы мамлекет
+12
ruslanz
2017-10-06 13:16:42
Адакерчиликсиз кишилер милиция болушат. Озу коркуп аран суйлоп жатса аны шылдындап видеого тартып отурушат. Мил-дан коро отуп бараткан адамдар жардам беришмек.
+12
Djal1987
2017-10-06 13:31:56
Милицияны студияга алып чыккыла геройду эл тааныш керек. Адамдык сапат менен таанышырабыз.
+15
BekAmir
2017-10-06 13:36:03
Милицияга элдин ишеними 0%. ишенген кожом сен болсон?...
+9
Baktikan
2017-10-06 13:49:47
Milisiyanin ishi videogo tartuu emes~jabirkagan adamga jardam korsotuu~~bul jasagan ishi uchun joopko tartiluusu kerek~bul akmak milisiyalardi kop statiya menen jazaga tartuu kerek~adamdin kadir barkina shek keltiruu~videogo tartuu ani elge jariya kiluu~jabirkagan jarandi kerek bolso uyuno jetkirip da koyuu kerek ~akmaktar~
+8
madina.87
2017-10-06 14:04:53
Ээ,мас эмес эле коркконунан калчылдаа жакшы айта албай жатпайбы,шок абалда экен.
Биздин милициялар бизди коргобой эле кордоп калдыго.
Кайсы ХХХХ айтат "крышан тайып калбадыбы"деп.
Озунун крышасы тайып анан видеого тартып отурат эшек!!!
Клара озу назик аран суйлойт жонокой маалда деле.
Жооп беришсин эми ошол зоокурлорго кошулуп мына милициялар дагы.
+14
baboskin
2017-10-06 15:00:42
озу да байкуш соосунда аран суйлойт эле
+5
taku1414
2017-10-06 15:14:21
Милициялардын аты жонун тактагыла. Кыргыз элинин ырчысын мазактап атат. Жумушунан алынып иштери сотко отсун!
+9
meni_kut
2017-10-06 16:06:36
taku1414,туура!Супер инфо жооп кутобуз!!!
+4
admin_superstan
2017-10-06 16:31:43
meni_kut, саламатсызбы! Сунушуңузга рахмат, эске алабыз.
+2
Baku88
2017-10-06 16:16:38
Артынан кууп барбаганына караганда өздөрү эле бирөөнү жөнөтүп карап отургандай даярданып келсе видеого тарта калалы дешип уяты жоктор
+3
SHERBOLAT
2017-10-06 16:22:04
Шапкечендер мазактаганынар туура эмес. Бир куну озунорго кайтарын унутпагыла. Кларага болсо ийгилик каалайм,жаман адамдардан Алла алыс кылсын
+4
altyn7776
2017-10-06 18:38:58
Мындай милиционерлерди Жайнакова как гана тепкен экен эми ыраазы болуп отурам. Буларга ыйлап келсен ит кылат да. Бекеринен эл жаман корбойт да буларды
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан