ЖЫЛНААМА, 5-ОКТЯБРЬ: 65 жыл мурун Тажикстандын журт башчысы Эмомали Рахмон туулган

Тажик президенти Эмомали Рахмон Тажикстандагы Дангара кыштагында төрөлгөн. Орто мектепти аяктаган соң Коргонтөбөдөгү май куюучу заводдо электрик болуп иштеген. Кесиби боюнча экономист.

Болочоктогу президент 1976-жылдан баштап өзүнүн саясий карьерасын ишеничтүү түрдө баштаган. 1982-жылы ал башкармалыктын катчысы болуп эмгектенип ал кездеги профкомдун башчысына чейин көтөрүлгөн. 1990-жылы Тажикстан ССРинин Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган.

Ал эми 1994-жылдын 6-ноябрында Тажикстандын президенти болуп шайланган. 2006-жылы болгон шайлоодо калктын 73 пайыз добушуна ээ болуп, төртүнчү жолу президенттик орунду ээлеген. Эмомали Рахмон 2007-жылы тажик элин фамилиядан “ов” уңгусун алып таштоого чакырган жана өзү биринчилерден болуп бул кадамга барган. Президенттик кызматка келгенде “Тажикстанда дин саясаттын тышында болот” деп билдирген.

Президент жубайы менен биргеликте 9 баланы тарбиялап өстүрүшкөн. Жети кыз, эки уулдун атасы. Дээрлик бардык балдары саясий кызматтарды ээлейт.

5-октябрдын жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан