Бүгүн, 5-октябрда КТРКда президенттикке талапкерлер кезектеги дебатка катышууда. Улукбек Кочкоров, Арсланбек Малиев, Таалатбек Масадыков жана Темир Сариев түз эфир учурунда таймашышат. Анын жүрүшүндө талапкерлер программасын тааныштырып, суроолорго жооп беришет.
Президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт.