Дебатта талапкерлер террорчулук, экстремизм, миграция маселелерин козгошту

Бүгүн, 5-октябрда КТРКда президенттикке талапкерлер кезектеги дебатка катышууда. Улукбек Кочкоров, Арсланбек Малиев, Таалатбек Масадыков жана Темир Сариев түз эфир учурунда таймашып жатышат.

Анын жүрүшүндө 1-раундда террорчулук жана экстремизм маселелери тууралуу айтылган кептер менен жыйынтыкталды. 2-раундда экономикалык саясат, элдин экономикалык абалы, жумушсуздук тууралуу пикирлер айтылды.

Талапкер Кочкоров өлкөдө 600 миң адам насыя алып, үйлөрүнөн айрылганын айтты. "Миллиарддаган долларлар чет элдик банктарда пайдасыз жатканда, биздин эл жогорку үстөк пайызы менен насыя алганга мажбур болуп жатат. Алар карыздан кутулуу үчүн үй-бүлөсү, туугандары менен урушуп жатышат. Буга байланыштуу биз айыл чарба товарларын өнүктүрүп, дыйкандарга аны сатууга шарт түзүшүбүз керек", - деди Кочкоров.

Малиев өз кезегинде экономикалык өксүктү, жумушсуздукту коррупция менен байланыштырды. Мындан тышкары ал өлкөдө 200гө чукул партиянын бар болгону саясий күчтөрдүн биримдиксиздигинин көрсөткүчү деген оюн айтты.

Талапкер Масадыков бүтүндөй башкаруу системин сынга алып, мыйзам дээрлик иштебей тургандыгын билдирди. "30-премьер-министр иштеп жатат. Алардын бири да жасай турган жумушту жасай албагандыгы үчүн жооп берген жок. Бардык мигранттар өлкөгө келгиси келбейт, келсе жумуш жок, жумушка кирүү үчүн акча сурайт. Буга эми чыдаганга болбойт. Биздин эл абдан ийкемдүү, бардык жаңы шарттарга бат көнөт. Бирок биздин элдин ырыскысын коррупционерлер, жогорку бийликтегилер жеп жатат. Коррупцияны жоюуда Сингапурдун коррупция менен күрөшүү системин колдоном", - деди Масадыков.

Темир Сариев өз сөзүндө башында экономикалык жетишкендиктерге жетип, жарандардын маданиятын өстүрүү зарыл экенин айтты. Ошондой эле ал ата-бабалардан калган салттуу исламды кармануу керектигин билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан