Сариев, Малиев, Масадыков, Кочкоров видеосуроолорго жооп беришти

Бүгүн, 5-октябрда КТРКда президенттикке талапкерлер кезектеги дебатка катышууда. Улукбек Кочкоров, Арсланбек Малиев, Таалатбек Масадыков жана Темир Сариев түз эфир учурунда таймашып жатышат. Анын жүрүшүндө талапкерлер видеосуроолорго жооп беришти.

Сариевге "чек ара маселелерин чечкенге саясий эркиңиз жетеби?" деген суроо берилди.
"Менин саясий эрким жетет. Мен өкмөт башчы болуп турганда да далилдегем. Дипломатиялык жол менен маселени чечем", - деп жооп берди Сариев.

Кезектеги суроо Таалатбек Масадыковго узатылды. Шайлоочу жумуш орундарына керектүү адистердин санын кантип аныктаса болот деп сурады. Масадыков анын программасында бул маселени чечүү жолу камтылганын белгилеп, ага токтолуп өттү.

Малиевге документ алуудагы кыйынчылыктар тууралуу суроо берилди. Анда бир аныктама алуу үчүн башка дарекке, башка аныктама алуу үчүн башка дарекке барууга туура келгенин, бул абдан ыңгайсыз экенин айтты шайлоочу. Малиев келечекте бул маселени жарандар үйүндө отуруп эле чече тургандай шарт түзө тургандыгын айтты. Ошондуктан ал айылдагы ар бир үйгө wi-fi орнотуу керек деди.

Улукбек Кочкоровго ипотекага алынган үйлөрдүн шарттары тууралуу суроо узатылып, ал өз программасына ылайык жооп берди. "Ислам дининде үстөк пайыз менен мүлк же акча берүүгө болбойт. Менин программамда бул тууралуу каралган. Үйлөрдү куруп, үстөк пайызсыз эле жеңилдетилген жол менен сатууга болот", - деди Кочкоров.

Дебаттын жүрүшүндө Малиев Куран китеп кармап алып Сариевге кайрылды. "Темир Аргенбаевич, сиз ушул китепти кармап туруп банк ячейкаларынан акча албаганыңызды айта аласызбы" - деди ал.

"Мен ант берем, эч кандай банк ячейкаларынан акча алган эмесмин, муну прокуратура да далилдеген" - деп жооп кайтарды Темир Сариев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан