"Өлкөдөгү бардык шайлоо участкалары техникалык жактан даяр", - деп бүгүн, 6-октябрда Борбордук шайлоо комиссиянын төрайымы Нуржан Шайлдабекова журналисттерге билдирди.
Бүгүн БШК жана Мамлекеттик каттоо кызматы маалыматтык шайлоо системинин колдонулушу менен тааныштырууда.
Шайлдабекованын айтымында, бул иш-чаранын максаты шайлоодо колдонула турган технологиянын иштеп жатканын коомчулукка көрсөтүү жана ишенимди бекемдөө болуп саналат. Анда коомдук ишмерлер, президенттикке талапкерлердин өкүлдөрү, жарандык активисттер катышууда.
Эске салсак, шайлоо 15-октябрда өтөт.