Кыргыз менен Өзбекстан бардык чек ара талашын 1-декабрга чейин чечүүнү пландоодо

Кыргыз мамлекети менен Өзбекстан бардык чек ара маселесин 2017-жылдын 1-декабрына чейин чечүүнү пландоодо. Бул тууралуу 5-октябрда президент Алмазбек Атамбаев Ташкенттеги сапарында билдирди. Сүйлөшүүлөр позитивдүү маанайда жүрүп жатканын, тактала элек 217 чакырым чек ара тилкеси 1,5 айдын ичинде такталат деген үмүт бар экенин айтты президент.

"85 пайызы такталды, бүгүнкү жолугушуудан кийин калган 217 чакырым боюнча документке 1-декабрга чейин кол коёбуз деп үмүттөнөм. Анын үстүнө биз эми эле 40 чакырымын макулдаштык", - деди Атамбаев Ташкенттеги сүйлөшүүлөрдөн кийин.

Ташкентте Кыргыз менен Өзбекстандын тышкы иштер министрлери Кыргыз-Өзбек чек арасынын 85 пайызы такталганы жөнүндө ратификациялык грамоталарды алмашуу боюнча протоколго кол коюшту. Сапар алкагында жалпы 13 документке кол коюлду.

Ал эми Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоев кол коюлган документтерди "тарыхый" деп атады.

"Жарым жыл аралыгында бизде көп жолугушуулар өттү. Бүгүнкү макулдашууга жетишүү үчүн бири-бирибиз менен сүйлөшүүгө милдеттүү элек. Канчалык кыйын болсо да бул маселени чечүүдө бир пикирге келдик. Анткени эл ушуну каалап жатат. Чек ара аймактарында бир тилде сүйлөгөн эл жашап жатат", - деди Мирзийоев.

Маалыматтарга таянсак, азыркы тапта Кыргыз-Өзбек чек арасында тактала элек 36 чакырым тилке бар. Ал тилкелердин жалпы узундугу 217 чакырым.

Алмазбек Атамбаевдин Ташкентке сапары бүгүн, 6-октябрда уланат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан