Кыргыз-Өзбекстан ортосунда 13 документке кол коюлду (тизме)

Өлкө жетекчиси Алмазбек Атамбаевдин Ташкенттеги сапарында өлкөлөр ортосунда 13 документке кол коюлду. Алар:

1. Кыргыз Республикасы менен Өзбекстандын ортосунда коӊшулук, ишенимди бекемдөө, стратегиялык өнөктөштүк жөнүндө декларация.

2. Кыргыз Республикасы менен Өзбекстандын ортосунда Кыргыз-Өзбек мамлекеттик чек арасы жөнүндө 2017-жылдын 5-сентябрында кол коюлган келишим боюнча ратификациялык грамоталарды алмашуу жөнүндө протокол.

3. Кыргыз өкмөтүнүн алдындагы Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы менен Өзбекстандын Башкы прокуратурасынын алдындагы Салык, валюталык кылмыштар жана кылмыштуу жол менен табылган кирешелерди легалдаштыруу департаментинин ортосундагы "Экономикалык жана каржылык кылмыштар менен күрөшүүдө кызматташтык жөнүндө" макулдашуу.

4. Кыргыздын Улуттук статистика комитети менен Өзбекстандын Статистика боюнча мамлекеттик комитетинин ортосундагы өз ара түшүнүшүү жана расмий статистика жаатында кызматташуу жөнүндө меморандум.

5. Кыргыздын Ички иштер министрлиги менен Өзбекстандын Ички иштер министрлигинин ортосундагы "Баӊгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү менен күрөшүүдө кызматташтык жөнүндө" макулдашуу.

6. Кыргыз өкмөтү менен Өзбекстандын өкмөтү ортосундагы Кыргыз жерине минералдык жер семирткичтерди жеткирүү боюнча макулдашуу.

7. Кыргыздын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги менен Өзбекстандын Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комитетинин ортосундагы туризмди өнүктүрүү жаатындагы кызматташуу жөнүндө макулдашуу.

8. Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы менен Өзбекстандын Коргоо министрлигинин ортосундагы "Аскердик кызматташтык жөнүндө" макулдашуу.

9. Кыргыздын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы менен Өзбекстандын Дин иштери боюнча комитетинин ортосундагы кызматташтык жөнүндө меморандум.

10. Кыргыздын улуттук маалымат агенттиги менен Өзбекстандын улуттук маалымат агенттигинин ортосундагы кызматташтык жөнүндө меморандум.

11. Кыргыздын Транспорт жана жолдор министрлиги менен Өзбекстандын Тышкы соода министрлигинин ортосундагы "Транспорт жаатында кызматташтык жөнүндө" меморандум.

12. Жалал-Абад шаарынын мэриясы менен Наманган шаардык акимиатынын ортосундагы "Соода экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтык жөнүндө" макулдашуу.

13. Баткен шаарынын мэриясы менен Фергана шаарынын акимиатынын ортосундагы "Соода экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтык жөнүндө" макулдашуу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан