Бакыт Төрөбаев Өмүрбек Бабановдун пайдасына президенттик жарыштан баш тартарын жарыялады

15-октябрда өтүүчү президенттик жарышка аттанган талапкерлердин бири Бакыт Төрөбаев шайлоого катышпайт. Бул тууралуу талапкер бүгүн, 6-октябрда Кочкор-Ата шаарында өтүп жаткан жолугушуу учурунда эл алдында билдирүү жасап жатып айтты. Буга чейин Төрөбаев дагы бир президенттикке талапкер Өмүрбек Бабанов менен бириккенин жарыялаган.

Ал эми Борбордук шайлоо комиссиясынан SUPER.KG'ге билдиришкендей, талапкер болуп катталган Бакыт Төрөбаевдин шайлоого катышуудан баш тартуу боюнча арызы келип түшө элек.

Эске сала кетсек, президенттикке талапкер болуп БШКга 13 талапкер катталган. Буга чейин талапкерлердин арасынан Камчыбек Ташиев талапкер Сооронбай Жээнбековдун пайдасына шайлоого катышуудан баш тартуу боюнча БШКга арызын берген. 25-сентябрда БШК арызды кабыл алып, 26-сентябрда Ташиевди талапкерлердин катарынан чыгарган болчу.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан